Батыш Россияга каршы энергетикалык жашыруун согуш жүргүзүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүДобыча нефти в городах Ханты-Мансийского автономного округа
Добыча нефти в городах Ханты-Мансийского автономного округа - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россияда да, Батышта да көпчүлүк адамдар мунайдын баасынын төмөндөшүн РФтин экономикасын кыйратууга болгон АКШнын ниетине байланыштырат деп жазышат чет элдик ЖМК. Башка себептердин катарында Сауд Аравиясынын амбициялары, ошондой эле 2008-жылдагы дүйнөлүк каржы каатчылыгынын кесепеттери аталууда.

БИШКЕК, 20-дек — Sputnik. Россияда эле эмес, АКШда да көпчүлүгү Америка Россияга каршы "жашыруун согуш" жүргүзүп жатат, ал эми Россиянын экономикалык кыйынчылыктары өлкөнүн экономикасын кыйроо чегине жеткирүүнү көздөгөн планга кирет деген ишеничте деп билдирет РИА Новости  News.com басмасына таянуу менен.

Рублдун кунунун кетишине жана Россия экономикасындагы көйгөйлөргө башкы себеп болгондордун бири — мунайдын баасынын төмөндөшү. Июнь айында эле 112 доллар болуп турган бир баррелдин баасы бул жумада эң төмөнкү деп эсептелген 60 долларга түштү деп жазат басылма.

АКШ менен Сауд Аравиясы айрым өлкөлөрүн экономикасын алсыратуу үчүн атайылап көмүскө келишип алышкан деп эсептейт Россия, Иран, Венесуэла, ошондой эле бир катар батыш серепчилери менен журналисттер. Алардын пикиринде, дал ушул себептен мунайдын баасы түшүп жаткан шартта азыр аны өндүрүү көлөмү кыскарган жери жок. Ошону менен бирге мунай Вашингтон менен Эр-Рияддын колунда Америка СССРдин убагында эле пайдаланып келген саясий куралга айланды деп эске салат News.com.

Андан сырткары, басылма белгилегендей, дагы бир башка теория бар. Ага ылайык, Сауд Аравия рыноктогу өз ордун кандай гана болбосун сактап калууга жана ошону менен АКШга жана Бразилияга каршы турууга умтулуп жатат. Кара алтындын баасынын түшүүсү Эр-Риядды анча деле чочутпайт, себеби анын казынасындагы каражаттар жагымсыз мезгилди башынан оңой кечирүүгө мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге мунайдын баасы менен болуп жаткан көрүнүш — Россия менен Иранга зыян келтирүү үчүн түзүлгөн АКШ менен Сауд Аравиянын жөн гана көмүскө келишимине караганда бир топ татаал процесс деп жазат News.com Сидней университетинин серепчилерине таянуу менен. 

Айрым өлкөлөрдө мунайзат өнөр жайы менен байланышкан бүтүндөй тармактар коркунуч алдында турат. Атап айтканда, кара алтындын төмөн баасы Американын эң жакын шериктештеринин бири — Улуу Британиянын бүтүндөй энергетикалык секторун сокку алдында калтырды. Себеби бул тармактагы жаңы долбоорлордун көпчүлүгү нефттин бир баррелинин баасы 60 доллар болгон шартта эч кандай киреше бербейт. Мунайзат тармагында иштөөчү көп фирмалар 2015-жылга инвестициясыз калышты жана эми долбоорлорун токтотуп, кызматкерлерди ишсиз калтырууга аргасыз деп билдирет BBC Brindex британиялык мунайзат чалгындоо компанияларынын ассоциациясына таянуу менен.

Мунайдын баасынын болуп көрбөгөндөй төмөн болушу бүтүндөй дүйнөлүк экономикага коркунуч туудурууда — анын кескин түшүп кетиши банктар, энергетикалык компаниялар жана глобалдуу каржы рыногу үчүн күтүүсүз болду жана тополоңду жаратты. Мунайга карата суроо-талаптын жоктугу жана АКШда мунайдын запастарынын өсүшү дүйнөлүк рыноктун абалы жөнүндө болгон тынчсызданууну күчөтүп гана турат. Эми инвесторлор спекулятивдүү облигацияларды сатып алуудан жана корпоративдик карыздар рыногунда иш-аракет кылуудан кооптонушууда деп жазат The National Interest. Ошону менен бирге, бул басылманын божомолу боюнча, 2014-жылдын экинчи жарымында мунай баасынын кескин төмөндөшү 2008-жылдагы каатчылыктын дагы бир кесепети болушу мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0