Псаки РФке карата санкциялар жөнүндө суроого жооп берип жатып жаңылып калган

© Фото / U.S. Department of StateАрхив: Дженнифер Рене (Псаки
Архив: Дженнифер Рене (Псаки - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Журналисттер үчүн туруктуу брифингдин жүрүшүндө АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү тийиштүү мыйзамга "кечээ кол коюлду" деп билдирген эле. Кечирээк Ак Үйдөн муну четке кагып, Жесика Псаки "жаңылыш айтып алды" деп түшүндүрүштү.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий өкүлү Жен Псаки президент Барак Обама Россияга карата санкциялар жөнүндө мыйзам долбооруна кол койду деп жаңылыш айтып алган деп билдирет РИА Новости

Мурдараак Псаки, журналисттер үчүн туруктуу брифингдин жүрүшүндө санкциялар жөнүндө мыйзам долбооруна Обама качан кол коёт деген суроого "кечээ" кол коюлду деп айткан болчу. Кечирээк Ак Үйдөн Обама ага кол коё элек деп билдиришти, бирок качан кол коюла тургандыгын такташкан жок.

"Жен (Псаки) бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө жаңылыш айтып алды, биз бул тууралуу стенограмманын төмөн жагына оңдоо киргизебиз, ал сайтта бир нече мүнөттө пайда болот", — деп билдирди Sputnikке АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү.

Мурдараак Ак Үйдүн расмий өкүлү Жош Эрнест аталган документке Обама "жуманын аягына чейин" кол коёт деп болжогон. 


Жаңылыктар түрмөгү
0