Ялтага Жаңы жылга 700 Аяз ата келет

© Sputnik / Михаил Фомичев / Медиабанкка өтүүГорода России. Суздаль
Города России. Суздаль - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Субтропикалык Ялта Түштүк жээктин тургундары менен меймандары үчүн кышкы майрам мезгилинде көп сандагы белектерди даярдады. Эң башкысы "Аяз аталар жүрүшү" жана Жаңы жылдык оюн-зооктор болот.

Жаңы жылдын эстен кеткис укмуштуу окуялары: кантип тонолуп жана өрт чыгарып жиберсе болот
БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Бул жылы Крымдын Түштүк жээгинин жашоочулары менен меймандары Жаңы жыл жана Рождество майрамдарын чоң майрамдашат. Шаршембиде Ялтада бийиктиги он метр келген балаты орнотулду. Бул Россия Федерациясынын президентинин иш башкармалыгы шаарга берген белеги. Балаты менен кошо РФтин желеги түспөлүндө даярдалган оюнчуктар жана гирляндалар да тартууланды деп билдирет РИА Новости Ялтанын администрация башчысынын орун басары Елена Переверзевага таянуу менен.

Шаар бийлиги жана тургундар 27-декабрды өзгөчө шыктануу менен күтүп жатышат. Ал күнү юбилейлүү, бешинчи "Аяз ата жүрүшү" өтөт. Саат 12.00дө Ялтанын суу жээгине жүздөгөн Аяз аталар велосипед, мотоцикл жана ролик тээп, деңиз түбүнөн чыгып, яхта жана катерлер менен жана жөө келишет.

"Алар шаардын башкы балатысын тегерете беш катар туруп айланышат. Баары тең Аяз атанын күбөлүгүн, ошондой эле Ялта шаарынын администрация башчысынан атайын беш кубок алышат", — деп билдирди Переверзева.

Бул күнү концерттер, конкурстар жана флешмобдор, чоң жарманке өтөт, ал эми кечинде бардык Аяз аталар Ялтанын башкы балатысынын отун жандырууга катышат.

Рождествого карата шаар кайрадан кубулуп, курорттук калаадан чыныгы кышкы шаарга айланат: Ялтада 7-10-январда биринчи жолу Рождество оюн-зооктору өтөт. Иса пайгамбардын туулгандыгына арналган бул майрам орус стилинде уюшулуп, калядка (жаңы жылдык ырым-жырым ырлары), святка (жасанып кийинүү, үйлөрдү кыдыруу ж.б.), төлгө ачуу, көчө оюндары, конкурстар түрүндө өтөт

"Бул күндөрү Ялтада көчө музыканттары жана салттуу рождестволук каармандарды көрсөткөн театрлар ойноп, спорт таймаштары, ар кыл кыймылдуу оюндар жана көңүлдүү аттракциондор өтөт. Чакан рождестволук жарманке уюштурулуп, ал музыка, ыр-бийлер менен коштолот. Ал жерде өзгөчө белектерди, кызыктуу буюмдарды, оюнчук, идиш-аяк, бал, түрдүү таттууларды жана башка көп нерселерди сатып алса болот. Андан сырткары, Рождество күндөрү майрамдын меймандары дүйнөлүк тамак-аштардын түрүн, Крымдын тамак-аштарын, ошондой эле рождестволук салттуу орус тамактары менен ичимдиктерин татып көрүшөт. Кол өнөрчүлөрдүн чеберчилик сабактары да уюштурулат", — деп айтып берди майрам жөнүндө Ялтанын администрация башчысынын орун басары.

Жаңылыктар түрмөгү
0