Путин Кадыров жөнүндө: сот чечимине чейин жазалоого эч кимдин акысы жок

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүДесятая ежегодная большая пресс-конференция президента России Владимира Путина
Десятая ежегодная большая пресс-конференция президента России Владимира Путина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
РФтин президенти Владимир Путин Россияда бардыгы тең мыйзамдарды сакташы керектигин, эч ким соттун таануусу жок күнөөлүү деп эсептелбей тургандыгын, ошондуктан эч кимдин сот чечимине чейин жазалоого укугу жок экендигин эске салды.

БИШКЕК, 19-дек — Sputnik. Чечен Республикасынын башчысы Рамзан Кадыров согушчандардын туугандарынын жоопкерчилиги жөнүндө айтууга акысы жок болчу деди бейшембиде маалымат жыйынынын жүрүшүндө Россиянын президенти Владимир.

Грозныйда акыркы кезде болгон эң чоң куралдуу кагылышуулардан кийин Кадыров полиция кызматкерлерин өлтүргөн согушчандардын үй-бүлөлөрү республикадан кайра кайтып келүү укугусуз чыгарылышы керек деп билдирген. Муну укук коргоочулар, атап айтканда, Адам укуктары боюнча президенттик кеңештин башчысы Михаил Федотов катуу сынга алган.

"Россияда бардыгы тең мыйзамдарды сакташы керек, эч ким соттун таануусу жок күнөөлүү деп эсептелбейт – бул боюнча менин башка көз карашым жок, болушу да мүмкүн эмес", — деди Путин.

"Мен мурдатан айткандай, жашоо татаал жана көп кырдуу. Жана мен терроризмге каршы бөлүктөрдүн иш тажрыйбасынан айткым келет: адатта — мен дайыма деген жерим жок … — бирок теракт жүргүзгөндөрдүн туугандары бул жөнүндө жок дегенде билишет", — деп кошумчалады президент "Дождь" телеканалынын алып баруучусу Ксения Собчактын суроосуна жооп берип жатып.

Ошол эле учурда, Путиндин айтуусуна караганда, "бул эч кимге, Чечен Республикасынын жетекчисине да, сот чечимине чейин чара көрүүгө укук бербейт"

Жаңылыктар түрмөгү
0