Талибдер Түркмөнстандын чек арасына жакындап келишти

© Sputnik / Михаил Кухтарев / Медиабанкка өтүүАрхив: Мерв шаарынын урандылары
Архив: Мерв шаарынын урандылары - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттердин чек араларынан чегинүүдө өкмөттүн куралдуу күчтөрү буктурмага кабылды. Талибдердин күтүүсүз кол салуусунан полициянын терроризм менен күрөшүү боюнча атайын бөлүгүнүн башчысы Мухаммад Несим каза тапты.

БИШКЕК, 18-дек — Sputnik. Өкмөттүк күчтөр жана командачы Гаппардын жетекчилиги астындагы түркмөндөрдүн "Эрбеки" өздүк коргоо отряды Жаузжан провинциясынын түркмөн-афган чек арасында жайгашкан Хамьяб аймагын таштап, Шеберган тарапка чегинүүгө аргасыз болушту деп билдирет ИноСМИ сайты. 

ЕАР/АРдин түркмөн кызматынын кабарчысы Шамердангулы Мырады коопсуздук күчтөрү Хамьябды талибдерден тартып алуу аракетин жасап, бирок башталган операция ишке ашпай калгандыгын билдирди. Анан калса, өкмөттүк күчтөр чегинип баратып, буктурмага кабылышкан. Талибдердин күтүүсүз кол салуусунан полициянын терроризм менен күрөшүү боюнча атайын бөлүгүнүн башчысы Мухаммад Несим жана полициянын дагы эки кызматкери каза тапты деп айтты Факирмухаммад Жаузжани "Азаттык" радиосуна берген маегинде.

Хамьябда абалдын начарлашын түркмөндөрдүн Гурбандурда атындагы отрядынын командачысы да ырастады. Анын отряды Каркин аймагында талибдерге жана башка куралдуу топторго каршы турат.

"Хамьябда талибдер өз эреже-тартиптерин орнотушуп, эми алар бардык талаштуу суроолорду өз билгениндей чечип жатышат", — деди ал радиого берген маегинде.

Түркмөнстан мамлекеттик чек арасын Хамьяб аймагынын түндүк-батыш, түндүк жана түндүк-чыгыш жактары менен өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0