Роскосмос улуттук орбита станциясын түзүү планы барын ырастады

© Фото / NASAАрхив: Жердин космостон көрүнүшү
Архив: Жердин космостон көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Станция жардамы менен Россия "ар түрдүү мүнөздөгү тапшырмаларды чече алат". Айтсак, станция РФтин Айга байланыштуу программасы үчүн негиз катары каралууда.

БИШКЕК, 16-дек — Sputnik. Роскосмос мейкиндиги жогорку улуттук космос станциясын түзүү мүмкүнчүлүгүн караштырууда. Роскосмос жетекчиси Олег Остапенко бул маселе жаңы Федералдык космос программасына киргизилиши мүмкүн деп билдирди дүйшөмбү күнү журналисттерге. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.

"Биз мындай вариантты караштырып жатканыбыз ырас жана бул келечектүү багыттардын бири", — деди Остапенко журналисттердин суроолоруна жооп берип атып.

Станция жардамы менен Россия "ар түрдүү мүнөздөгү тапшырмаларды чече алат" деп белгиледи ал. Атап айтканда, станция РФтин Айга байланыштуу программасы үчүн негиз катары каралууда.

"Мындай вариант бар, биз аны азыр эсептеп атабыз", — деп кошумчалады Остапенко.

Россиянын улуттук орбиталык станция түзүү мүдөөсүнө серепчилердин пикири ар башка: бири – бул космос тармагынын алгалоосуна, анын аркасы менен өнөр жайдын башка тармактарынын өнүгүүсүнө өбөлгө десе, айрымдары бул боюнча күмөн саноолорун билдирүүдө. 

Мисалы, Россиянын Циолковский атындагы космановтикалык академиясынын академиги Игорь Маринин РИА Новостиге бул максаттарды Россия Эл аралык космос станциясына (ЭКС) жиберүүнү пландап, бирок ишке ашыра элек үч модулга багыттаса болорун билдирген. Анын баасы "реалдуу да, арзан дагы", бирок "кеп башкада, бизге мындай станциянын кереги барбы?"

Ушундай эле пикирди аталган академиянын мүчө-корреспонденти Андрей Ионин да колдойт. Мурда ал техникалык негиздердин бар экендигине карабастан, Россия өз станциясын түзүшү эч бир практикалык максатка ээ эмес жана акталбай турган чыгымдарга гана алып келет деген ой айткан. 

Жаңылыктар түрмөгү
0