ТАР өкүлү "Дүйнө сулуусу — 2014" конкурсунун жеңүүчүсү болду

© Фото / Amanda RichardsКорона конкурса "Miss Guyana World 2014"
Корона конкурса Miss Guyana World 2014 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түштүк Африканын жыйырма эки жашар сулуусу Ролен Штраус "Дүйнө сулуусу — 2014" конкурсунун жеңүүчүсү болду.

БИШКЕК, 15-дек — Sputnik. Сынакка ТАРден келген катышуучу Лондондо өткөн "Дүйнө сулуусу — 2014" конкурсун жеңгенин РИА Новости "Франс пресс" маалыматына таянып билдирди.

Дүйнө сулуусунун таажысын алууга 125 катышуучу атаандашты.

13-декабрь, ишембиде эң мыкты топ модель жана пляждык мода сынагынын, мультимедиа сынагынын, чеберлер сынагынын, фитнес жана спорт сынактарынын жеңүүчүлөрү белгилүү болгон. Алдыңкы беш саптагы топ-моделдер – Кытай, Түштүк Судана, Босния, Венгрия жана Австралия болду.

Пляждык мода аталган сынактын алдыңкы бешөөсүнүн катарына Мексика, Кения, Швеция, Түштүк Африка жана Индиянын катышуучулары кирген. Мультимедиа сынагында Нидерланд, Гайана, Индия, АКШ жана Англия өлкөлөрүнүн катышуучулары жеңип алды. Чеберлер сынагында эң мыкты жөндөмдөрүн Малайзия, Шотландия, Россия, Швеция жана АКШдан келген кыздар көрсөтө алды. Спорт боюнча сынакта Финляндия, Венгрия, Сербия жана Уэльстен келген сулуулар алдыга чыгышты. 

Кыргызстандан барган катышуучу Айкөл Аликжанова бардык сынактар боюнча алдыңкы беш топко кире алган жок. Ал 2014-жылдын 6-сентябрында "Мисс Кыргызстан — 2014" наамын утканы дайын. Бул сыйлык ага "Дүйнө сулуусу — 2014" эл аралык сынагына катышууга укук берген. 

Алдыга чыккан топ моделдердин алгачкы бешөө Кытай, Түштүк Судан, Босния, Герцеговина, Венгрия жана Австралиядан келген сулуулар. 

"Дүйнө сулуусу — 2014" конкурсу Лондондо 20-ноябрда башталып, үч жумадан ашык жүрдү. Сынактын баш байгеси 100 миң фунт стерлингди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0