21:39 24 Бугу 2017
Түз эфир
Первая в России электростанция с парогазовым бинарным циклом

Болгария өз аймагында Россиянын газы үчүн хаб түзүүнү сунуштады

© Sputnik / Алексей Даничев
Дүйнөдө
Кыскача шилтеме алуу
10 0 0

Болгариянын премьер-министри түрк хабынын ордуна Болгарияда хаб түзүп, Европанын башка өлкөлөрүнө газды ал аркылуу жөнөтүүнү сунуштады. Газ бөлүштүрүүчү борборун Кара деңиздин боюнда Варна шаарына жайгаштыруу пландалып жатат.

БИШКЕК, 11-дек — Sputnik. Болгария Европа биримдигине өз аймагында, "Түштүк агымы" Кара деңизден чыккан жерде, газ хабын салууну каржылоо сунушун берди деп билдирет Novinite басмасы. Ошондой эле Болгариянын бийлиги ал хабдан Украинага да газ сатса болот деп эсептейт. Бул туурасында РИА Новости.

Россия Кара деңиздин түбү менен өтүп, Болгария аркылуу Батыш Балкан республикаларына, Венгрияга, Австрияга жана Италияга газ жеткириши керек болгон "Түндүк агымы" долборунан декабрдын башында баш тарткан. Долбоордун жабылышына башка себептер менен катар эле Европа биримдигинин конструктивдүү эмес позициясы түрткү болгон. Анын ордуна газ түтүгүн Түркия тарапка буруп, Грециянын чек арасында түштүк европалык керектөөчүлөр үчүн хаб түзүү чечими кабыл алынган.

Борисов түрк хабынын ордуна Болгарияда хаб түзүп, Европанын башка өлкөлөрүнө газды ал аркылуу жөнөтүүнү сунуштады. Газ бөлүштүрүүчү борборун Кара деңиздин боюнда Варна шаарына жайгаштыруу пландалып жатат. Ал жерден газ Еврокомиссиянын байкоосу астында бөлүштүрүлөт, деп билдирет басылма. 

Премьер-министр Болгария газ түтүгүн өз чек арасына чейин куруу үчүн эч бир милдеттенмесиз эле Россияга жардам бере ала тургандыгын билдирди. Мурдараак Түркиянын энергетика министри газ түтүгүнүн деңиздеги бөлүгүн курууга катышууну Түркия пландаган эмес жана кургактагы бөлүгү боюнча гана чыгымдарды өзүнө алат деп билдирген болчу. 

Маалыматка ылайык, Борисов өз оюн шаршембиде өкмөттүн башка мүчөлөрү менен талкуулаган жана ага каршы чыккандар болгон эмес. Болгариянын премьери аталган сунуш менен Еврокомиссиянын энергетикалык биримдик боюнча вице-президенти Марош Шефчовичке жана Европа кеңешинин төрагасы Дональд Тускка кат жиберүүнү тапшырды. 

Bpost басмасы Борисов Украинага газ жеткирүүнүн варианттарын да карап жаткандыгын өкмөттүн отурумунун стенограммасына таянуу менен билдирет. "Андан тышкары, биз, эгер Украинада кыйынчылыктар же каатчылык пайда болсо, ал жакка да газ сата алабыз", — деген Борисовдун сөздөрү келтирилет басылмада. 

ЭҢ МААНИЛҮҮ

  • Дарыканада кезекте турган адамдар. Архив

    Бахила сатып алууга мажбурлоо менен медициналык мекемелер 100 миңге чукул каражат табарын көпчүлүк этибарга албаса керек. А бирок, ооруканаларга баш баккандардан акча өндүрүүгө министр тыюу салган. Биздин колумнист жана кабарчыбыз Максат Элебесов бул көрүнүшкө көз жуумп кое албастан, иликтеп чыккан.

    49
  • Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиев НТС каналынын Кайгуул ТВ программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеевден интервью алды.

    Биз окурмандарга башкача өңүттөгү маектерди тартуулоого ниеттендик. Бул рубрикабызда интервьюну журналисттер эмес, алардан саясатчылар алат. Төмөндө Жогорку Кеңештин депутаты жана мурдагы журналист Каныбек Иманалиевге НТС каналынын "Кайгуул ТВ" программасынын алып баруучусу, журналист, Азият Жекшеев интервью берди.

    1139
  • Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиева

    Кырсык менен оору айтпай келет. Өлүм алдында жаткан адамга жардам берүүнүн жолу ар түрдүү. Маселен, сенин тамырыңда айланып жаткан кан башка бирөөнүн жүрөгүнө жетиши мүмкүн. Донорлуктун жол-жобосу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова билип көрдү.

    192