17 жашар Малала Юсуфзай Нобель сыйлыгына татыды

© РИА Новости / Аврора . Adam BakerМедаль Нобелевской премии по химии
Медаль Нобелевской премии по химии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы сыйлана турган 13 адамдын арасында АКШ, Франция, Норвегия, Германия, Япония, Индия жана Пакистан жарандары бар. Алардын ичинен эң улуусу 85 жашар физик Исаму Акасаки, ал эми эң жашы - 17 жашар Малала Юсуфзай болду.

БИШКЕК, 10-дек — Sputnik. 2014-жыл үчүн Нобель сыйлыгы шаршембиде Стокгольм жана Осло шаарларында тапшырылат. Салт болуп калгандай, бул азем 10-декабрда, сыйлыктын негиздөөчүсү — швед өнөр жайчысы жана динамитти ойлоп табуучу Альфред Нобелдин каза болгон күнү өтөт, деп билдирет РИА Новости.

Бул жылы сыйлана турган 13 адамдын арасында АКШ, Франция, Норвегия, Германия, Япония, Индия жана Пакистан жарандары бар. Алардын ичинен эң улуусу 85 жашар физик Исаму Акасаки, ал эми эң жашы – бул жолу гана эмес, деги эле сыйлыктын тарыхындагы эң жашы 17 жашар Малала Юсуфзай болду.

Салтанат сыйлыкты негиздөөчүнүн каалоосуна ылайык, Ослодо башталып, күндүз Тынчтык сыйлыгы 17 жашар пакистандык укук коргоочу Малала Юсуфзайга жана 60 жашар индиялык активист Кайлашу Сатьяртиге тапшырылат. Норвегиядагы Нобель сыйлыгынын комитети балдарды эзүүгө каршы жана алардын билим алуу укугу үчүн күрөштө бул эки адамдын өзгөчө жана баа жеткис салымын белгиледи.
Нобель сыйлыгын тапшыруу күнү Стокгольмдо улантылып, кечинде медицина же физиология, физика, химия, адабият жана экономика боюнча сыйлыктар тапшырылат.

Адабият боюнча Нобель сыйлыгы быйыл Францияга жөнөтүлөт — аны өлкөдөгү белгилүү жазуучу Патрик Модиано (1945) алды.

Мээдеги GPS, экологиялык таза арык жана наноскопия

Физиология же медицина боюнча Нобель сыйлыгы үч изилдөөчүгө: Лондондо иштөөчү Жон О'Кифке жана норвегиялык жубайлар Май-Бритт (1963) менен Эдвард Мозерге (1962) ыйгарылды. Изилдөөчүлөр мээде орнотулган GPSке салыштырууга боло турган, мейкиндикти жакшы билүүгө жардам берүүчү ой жүгүртүү тутумун ачышкан. Окумуштуулардын изилдөөлөрү баш мээнин нерв клеткалары татаал интеллектуалдык аракеттерди кантип ишке ашыра тургандыгын көрсөттү. Мунун көп сандагы ооруларды түшүнүү үчүн мааниси чоң.

Нобель сыйлыгынын ээси Амано электр трансформаторлорунун салмагын азайткысы келет

Физика боюнча Нобель сыйлыгы Исаму Акасакиге (Япония, 1929), Хироси Аманого (Япония, 1960) жана Сюдзи Накамуре (АКШ, 1954) ыйгарылды. Бул жылдын лауреаттары сыйлыкты "кубаттуулук жактан натыйжалуу жана экологиялык таза жарык булагы үчүн" алышат. Окумуштуулар ойлоп тапкан жарык чыгаруучу көгүлтүр диод бизге көнүмүш болгон электр лампочкаларына натыйжалуу альтернатива болуп эсептелет. Сыйлык алуучулар адамдар бүтүндөй ХХ кылымда үстөмдүк кылган электр лампочкаларын "унутуп", жаңы жана бир топ натыйжалууларына өтө ала турган табылганы сунуш кылды.

2014-жыл үчүн химия боюнча Нобель сыйлыгы "чечүү жөндөмү эң жогору болгон флуоресценттик микроскопияны өрчүткөндүгү үчүн" окумуштуулар Эрик Бетцигге (АКШ, 1960), Стефан Хэллге (Германия, 1962) жана Уильям Морнерге (АКШ, 1953) ыйгарылды. Алар микроскоптун мүмкүнчүлүктөрүн абдан кеңейтишти. Эгер мурда изилдөөчүлөр эски микроскоптун жардамы менен, мисалы, жөн гана бактерияларды көрө алган болсо, эми алардын ички түзүлүшүн да көрүү мүмкүнчүлүгүн алышат. Жарыктандыргыч микроскопту наноөзгөрүүлөрдүн деңгээлине жеткирүү окумуштуулардын киргизген саамалыгы болду. Азыр наноскопия деп аталчу ыкманын аркасы менен окумуштуулар жандуу клетканын ичиндеги жалгыз молекуланын кыймылын көрө алышат. Бул, мисалы, Паркинсон, Альцгеймер жана Хантингтон ооруларында протеиндердин кыймылын көрүүгө мүмкүндүк берет.

Корпорациялардын үстүнөн көзөмөл

Швециянын мамлекеттик банкы тарабынан Альфред Нобелдин жаркын элесине арнап негизделген экономика боюнча сыйлык базар бийлигине жана аны көзөмөлдөөгө жасалган талдоосу үчүн Тулуза университетинен франциялык экономист Жан Тиролго (1953) ыйгарылды. Нобель комитетинин мүчөлөрү рыноктун бир нече ири компания гана ишкердик кылып жаткан тармагын кантип түшүнүү жана жөнгө салуу керектигине жасалган талдоосун анын илимий ишинин өзөгү деп чечкен.

Көпчүлүк өнөр жай тармактарында негизи аз сандагы ири корпорациялар иштеп, алар тиги же бул рынокто чечүүчү орунду ээлешет. Мунун натыйжасында баалар көтөрүп, рынокко жаңы жана иштиктүү компаниялар киргизбей коюшу мүмкүн. "Кантип мунун алдын алуу керек?" жана "Монополиялардын жаралышын кантип жөнгө салуу керек?" деген суроолордун үстүндө Жан Тироль өткөн кылымдын 80-жылдарынан тартып алектенген. Анын талдоолорунун натыйжасында бир нече илимий макалалар менен китептер жарык көргөн. Окумуштуунун бул эмгектеринде берилген жалпы жоболорду бийликтегилер ири корпорацияларга таасир кылып, аларды өндүрүмдүү нукка буруп жана алардын атаандаштар менен керектөөчүлөргө зыян келтиришине жол бербөө үчүн пайдалана алат.

Альфред Нобель XIX кылымдын аягында: медицина же физиология, физика, химия, адабият жана тынчтык боюнча беш гана сыйлыктын берилишин керээз калтырган. Ал эми экономика боюнча сыйлык кийинчерээк 1968-жылы негизделген жана ал боюнча сыйлык ээлерине акчалай сый берүүгө Шведциянын мамлекеттик банкы жооп берет.

Экономика боюнча сыйлыктын башка Нобель сыйлыктарынан айырмасы ушул гана. Ар бир наам боюнча Нобель сыйлыгынын суммасы 2014-жылы сегиз миллион швед кронун (миллион долларды) түздү.

Сыйлык биринчи жолу тапшырылган 1901-жылдан бери ал жалпысынан 567 жолу 889 лауреатка ыйгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0