Мамдуманын комитети спайстарды сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду

Жазылуу
Россияда чегүүчү кошулмаларды колдонуу көйгөйүнө сентябрдын ортосунда башталган массалык уулануудан кийин көбүрөөк көңүл бурула баштады. "Спайс-өлтүрүүчүдөн" эки миңден ашык адам жабыркаган, алардын ичинен 40тан ашыгы каза болгон.

БИШКЕК, 9-дек — Sputnik. РФтин Мамлекеттик Думасынын коопсуздук жана коррупцияга каршы туруу боюнча комитети палатага биринчи окууда спайс делинген жаңы психоактивдүү каражаттардын жүгүртүлүшүнө кылмыш жоопкерчилигин караган президенттик мыйзам долбоорун кабыл алууну сунуштады, деп билдирет РИА Новости.

Россияда чегилүүчү кошулмаларды колдонуу көйгөйүнө сентябрдын ортосунда башталган массалык уулануудан кийин көбүрөөк көңүл бурула баштады. "Спайс-өлтүрүүчүдөн" эки миңден ашык адам жабыркаган, алардын ичинен 40тан ашыгы каза болгон. 

Октябрдын аягында БКФК (ФСКН) "спайс-өлтүрүүчүнүн" курамына кирген каражаттарга тыюу салганы менен чегүүчү кошулмалардын башка түрлөрү дале колдонулууда, алардын жаңылары да пайда болушу мүмкүн. 

Мыйзам долбоору 

Россиянын Президенти Владимир Путин октябрдын аягында Мамдумага спайс делинген жаңы психоактивдүү каражаттардын жүгүртүлүшү үчүн кылмыш жоопкерчилигин, ал эми колдонгондугу үчүн административдик жоопкерчиликти караган мыйзам долбоорун сунуштаган. Ага ылайык, спайс сатуучулар сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. 

Мыйзам долбоору "жаңы психоактивдүү каражаттардын" катарына өмүргө жана ден-соолукка коркунуч туудурган, адамды баңгизаттан же уулануудан маң болгондой абалга келтирген, бирок аларга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптар же алардын жүгүртүлүшүнө көзөмөл жүргүзүү чаралары көрүлбөгөн синтетикалык жана табигый түрдөгү заттарды киргизген. 

Комитеттин жетекчиси Ирина Ярованын пикиринче, бул мыйзам долбоорун кабыл алуу бир катар милдеттерди чечүүгө жардам берет. 

"Биринчиси — бул дизайнердик баңгизаттарды таратуу боюнча кылмыштуу ишмердүүлүккө алар жаңыдан гана рынокко чыгарылып, колдонула баштаган учурунда бөгөт коюу. Экинчиси – ушул кылмышка катыштыгы бар адамдардын жоопкерчиликке тартылуусун камсыздоо", — деди Яровая комитеттин отурумунда. 

Парламентарий аталган мыйзам долбоорунун эң бир маанилүү милдети —жаш муундун өмүрүн жана ден-соолугун коргоо экендигин баса белгиледи. 

Жоопкерчилик

Кылмыш кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр Россияда аларды таратуучуларды кылмыш жоопкерчилигине тартууну карайт. Айталы, мыйзамсыз өндүрүү, сатуу, даярдоо, кайрадан иштетүү, сатып алуу, сактоо, ташуу, Россияга алып киргизүү жана алып чыгаруу 30 миң сомго чейинки же соттолгон адамдын эки ай ичиндеги кирешесинин өлчөмүндө айып салуу, же эки жылга чейин эркинен ажыратууга кылмыш жазасына тартылат.

Эгер абайлабай жасаган иш-аракет адам өлүмүнө алып келсе, беш жылга чейин мажбурлап иштетүү же сегиз жылга чейин эркинен ажыратуу жазалары каралган. 

Дарыгердин сунуштамасы жок эле, же болбосо коомдук жайларда спайсты колдонуу жана жашы жете электерди бул ишке тартуу үчүн административдик жоопкерчилик белгиленген. 

Баңгизаттардын жүгүртүлүшүнө көзөмөл кылуу боюнча Федералдык кызматка Россия Федерациясында жүгүртүү тыюу салынган жана кооптуу болушу ыктымал болгон жаңы заттардын реестрин түзүү укугун берүү сунушталууда. Реестр туурасында маалымат Интернетке жайгаштырылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0