Новак: РФ "Түштүк агымынан" баш тартууну биротоло чечти

© Sputnik / Сергей Гунеев / Медиабанкка өтүүАрхив: Түштүк агымы
Архив: Түштүк агымы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти "Түштүк агымы" долбоору Европа биримдигинин бут тосуусунан улам токтогондугун айтты.

БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. "Түштүк агымы" долбоорунан баш тартуу жөнүндө Россия биротоло чечим кабыл алды, деп билдирди Россиянын энергетика министри Александр Новак. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады

РФ "Түштүк агымынан" баш тартты, эми Европага газ Түркия аркылуу өтөт
Дүйшөмбү күнү Түркияда сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан РФ президенти Владимир Путин азыркы шарттарда, анын ичинде Европа биримдигинин маселени чечүүгө оң көз карашта болбой жаткандыгынан улам Россия "Түштүк агымын" ишке ашырууну уланта албай тургандыгын билдирип, азыркыга чейин Болгария бул долбоорду өзүнүн өзгөчө макамдагы аймагына киргизүүгө уруксат бере электигин белгилеген эле. Сербияда газ өткөргүчтүн 422 чакырым магистралын куруу пландалып жаткан. 

"Бул чечим, менин көз карашымча, биротоло кабыл алынган, азыр болсо биз газ түтүгүн башка багыт менен куруу маселесин иштеп чыгып жатабыз", — деди Новак "Түштүк агымы" боюнча Россия өз көз карашын өзгөртүшүнө эмнелер себеп болушу мүмкүн деген суроого жооп берип жатып. 

Мурдараак Сербиянын вице-премьери жана курулуш, транспорт жана инфраструктура боюнча министри Зорана Михайлович "Түштүк агымын" куруу долбоору толук токтогондугуна ишенбестигин билдирген. Ал курулушту улантуу жөнүндө макулдашууга жетишүүгө үмүт артаарын да жашырган эмес. 

Жаңылыктар түрмөгү
0