Атамбаевдин Бириккен Араб Эмираттарына расмий сапары башталды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевАлмазбек Атамбаев на встрече с Шейхом Мансур бин Заид Аль Нахайян
Алмазбек Атамбаев на встрече с Шейхом Мансур бин Заид Аль Нахайян - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КР президенти Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарындагы сапары учурунда өлкөнүн жетекчилиги менен сүйлөшүп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулап баштады.

Атамбаевдин Сауд Аравиясына расмий иш сапары аяктады
БИШКЕК, 5-дек — Sputnik. Бейшембиде президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Араб Эмираттарындагы (БАЭ)   расмий сапардын алкагында БАЭ премьер-министринин орун басары, БАЭ президентинин иштери боюнча министр Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян  менен жолукту. Бул туурасында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосунда өз ара кызыкчылыкты жараткан экономикалык кызматташуу боюнча конкреттүү пландар талкууланды.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын экономиканын келечектүү тармактарына токтолуп, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү туурасында айтып берди.

"Биз өлкөлөрүбүздүн ортосунда кызматташуунун, биринчи кезекте, экономика тармагындагы алакабыздын жаңы этабына киришүүбүз керек", — деди Алмазбек Атамбаев.

Өз кезегинде Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян БАЭ өкмөтүнүн, ошондой эле ишкерлер чөйрөсүнүн Кыргызстандагы инвестициялык долбоорлорго кызыгуусун ырастады. Тактап айтканда, транспорт жана логистика, кайра иштетүү жана айыл чарба өндүрүш  тармактарындагы  долбоорлорго кызыгуу жаралып жаткандыгын белгиледи.

Шейх Мансур бин Заид Аль Нахайян жакын арада Бириккен Араб Эмираттарынын делегациясы Кыргызстанга барып, биргелешкен долбоорлорду ишке киргизүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдей тургандыгын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0