ББ менен КМШнын Бажы кызматтары Сочиде отурум өткөрүшөт

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүАрхив: Сочи
Архив: Сочи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бейшембиде Сочиде Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириктирилген коллегиясынын 13-отуруму жана КМШга мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 60-отуруму өтөт.

БИШКЕК, 4-дек — Sputnik. Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин жана КМШнын бажы кызматтары бейшембиде Сочиде өтө турган отурумда товарларды көзөмөлдөө, маалымат алмашуу жана иштешүү маселелерин талкууламакчы, деп билдирет РИА Новости аталган шаардын бажысына шилтеме берүү менен. 

Бейшембиде Сочиде Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин бажы кызматтарынын бириктирилген коллегиясынын 13-отуруму жана КМШга мүчө мамлекеттердин Бажы кызматтарынын жетекчилеринин кеңешинин 60-отуруму өтөт.

"Иш-чаранын негизги маселелери: товарлардын бажылык наркын аныктоо жана көзөмөлдөө үчүн маалымат алмашуу жана КМШга мүчө мамлекеттердин бажы кызматтары менен иштешүүнүн натыйжалуулугун жогорулатууга көмөкчү боло турган маалымат алмашуунун техникалык шарттарын иштеп чыгуу ", — деп айтылат маалыматта. 

Путин Кыргызстан менен кызматташуу жөнүндө келишимди ратификациялады
Ошондой эле жолугушуунун катышуучулары маалымат алмашуу чөйрөсүндө эл аралык кызматташуунун маалыматтык-усулдук базасын тартипке келтирүү маселелерин да талкуулашат. Мында негизги көңүл Интеллектуалдык менчиктин объектилеринин айлануусуна бажылык көзөмөл кылууну уюштуруу принциптери жөнүндө протоколдун жаңы редакциясын макулдашууга бурулмакчы. Бул протокол КМШ аймагында интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарга мамиле кылуунун, интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча функцияларды ишке ашырууда бажы кызматтарынын иштешүүсүнүн бирдиктүү принциптерин орнотот.

Жаңылыктар түрмөгү
0