Журналист Свиридовду колдоого Интернетте кол чогултулуп жатат

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАрхив: Варшава
Архив: Варшава - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Польшанын публицисттери менен коомдук ишмерлери "Россия сегодня" ЭМАсынын кабарчысы Леонид Свиридовго байланышкан кырдаал боюнча президент Бронислав Коморовскийге ачык кат жолдошту.

БИШКЕК, 28-ноя — Sputnik. Польшанын бир катар публицисттери менен коомдук ишмерлери "Россия сегодня" ЭМАсынын кабарчысы Леонид Свиридовго байланышкан кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен президент Бронислав Коморовскийге ачык кат жолдошту деп билдирет РИА Новости журналистти колдоого уюшулган Интернеттеги петицияга таянып. 

Архив: Варшава - Sputnik Кыргызстан
Польша россиялык журналисттин өлкөдө жашоо укугун талкуулайт
Польшанын бийлиги 24-октябрда "Россия сегоднянын" кабарчысынын аккредитациясын эч түшүндүрүүсүз эле алып коюшту. Кечирээк Польша бийлиги анын өлкөдө жашоого берген уруксатынан да ажыратууга ниеттенип жатканы маалым болду.Россиянын Тышкы иштер министрлигинде Варшаванын жасаган аракеттерин "одонолук" деп атап, ага жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырышты. "Россия Сегодня" ЭМА да Польша бийлигинен өз аракеттерин түшүндүрүп берүүнү талап кылышты. Бирок Польшанын Тышкы иштер министрлиги буга тиешеси жокутугун, ал Польшанын Ички коопсуздук агенттигинин талабы менен демилгеленгенин билдирди.

"Сизге россиялык журналист Леонид Свиридовдун аккредитациясын кайтарып берип, жана аны Польшада жашоо укугунан ажыратпоо өтүнүчү менен кайрылабыз", — деп айтылат Интернетке чыккан катта. 

Шаршембиде россиялык кабарчы Варшавада Мазовецк воеводалыгынын чет элдиктердин иштери боюнча бөлүмүндө польшалык чиновниктерге түшүндүрмө берди. Бирок иштин документтери жашыруун болгондуктан, польшалык бийликтин дооматы эмнеде экендиги түшүнүксүз. Отурум үч саатка созулуп, ал журналисттердин катышуусуз өттү. Журналист менен бирге польшалык чиновниктер менен жолугушууда адвокат Ярослав Хелстовский, ишенимдүү адамы публицист Агнешка Волк-Ланевска жана Россиянын Польшадагы элчилигинин консулдук бөлүм башчысы Геннадий Владимиров болду.

Ички коопсуздук боюнча агенттик Чет элдиктер жөнүндө мыйзамдын 215-беренесинин 1.2-пунктуна таянуу менен, анын Польшада жашоо укугун жоюу талабын коюп чыккан. Аталган мыйзам пунктунда "өлкөнүн коргонуусуна же коопсуздугуна же коомдук тартипти сактоого анык жана олуттуу коркунуч" жөнүндө айтылат. Бирок Свиридов Польшанын коопсуздугуна же коомдук тартибине кандайча коркунуч туудуруп жатканын агенттик расмий чечмелеп берген жок. Ал эми сөз эркиндиги, маалымат топтоо жана аны жарыкка чыгаруу эркиндиги демократиялык коомдун жашоосунун негизги шарттарынын бири деп айтылат катта.

Анда Польшанын президенти өзү "өлкөдөгү демократиялык өзгөртүүлөрдүн катышуусу болгондугу, мындай өзгөртүүлөр сөз эркиндигинен коркпой тургандыгы жана бардык өз жарандары менен меймандарынын укуктарын сыйлай тургандыгы" белгиленет. 

Эгер Леонид Свиридов мыйзам бузган болсо, албетте ал үчүн жооп бериши керек. Бирок, эгер ал улутуна жараша жана Россиянын мамлекеттик ЖМКда иштегенине байланыштуу гана Польшадан кетирилип жатса, биздин пикирибизче, бул калыстык болбойт жана демократиялык Польшанын эрежелери менен баалулуктарына каршы келет деп билдиришет кат ээлери. 

Ал арада өз материалында Волк-Ланевска президент Коморовский катка жооп берет деген үмүтүн билдирет.

"Журналистти анын улутуна карап жана Россиянын мамлекеттик ЖМКда иштегени үчүн гана чыгарып жиберилбесин жана Польша Адам укуктары боюнча Европа конвенциясынын 10-беренесин бузбасын деген ойдо президент Коморовскийге бул кырдаалга көңүл буруу өтүнүчү менен ачык кат жиберилди. Мамлекет башчысы бул чакырыкка жооп кайтарат деген үмүттөмүн", — деп жазат ал.

Конвенциянын 10-беренесинде: "Ар бир адам өз оюн эркин билдирүүгө акылуу. Бул укук өз оюн кармануу эркиндигин жана маалыматтар менен идеяларды ачык бийликтин эч бир кийлигишүүсү жок жана мамлекеттик чек аралардан көз карандысыз алуу жана жайылтуу эркиндигин өзүнө камтыйт", — деп жазылган.

Иштин документтери жана журналист менен болгон маектин жыйынтыктарын талдап чыккандан кийин, Мазовецк воеводачылыгынын башчысы журналисттин Польшада жашоо укугун алып коюу боюнча жакынкы жумаларда өз чечимин чыгарат деп күтүлүүдө. Журналист ал чечимдин үстүнөн чет элдиктердин иштери боюнча жалпы польшалык бөлүмгө, андан кийин үсүнөн административдик сотко арыздана алат. Свиридовдун коргоочусунун сөзүнө караганда, бул процедуранын баары жарым жылга чейин созулушу мүмкүн. 

Леонид Свиридов Польшанын ТИМинде биринчи жолу журналисттик аккредитацияны 1998-жылы алган, 2003-жылдан бери Польшада туруктуу жашап иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0