Даррен Уилсон өзүнүн жасагандарын туура деп эсептейт

© Фото / Amir AzizАрхив: АКШдагы нааразычылык
Архив: АКШдагы нааразычылык - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Он сегиз жашар кара түстүү бала Майкл Браун америкалык Сент-Луис шаарынын чет-жакасындагы Фергюсон деген жерде полиция кызматкеринин талабына баш ийбей, аны менен кармаша кеткендиги үчүн атылган.

БИШКЕК, 26-ноя — Sputnik. АКШда кара түстүү өспүрүмдү аткан полиция кызматкери Даррен Уилсон, өз ишимди аткаргам деп билдирди деп жазат РИА Новости.

Он сегиз жашар бала Майкл Браун америкалык Сент-Луис шаарынын чет-жакасындагы Фергюсон деген жерде полиция кызматкеринин талабына баш ийбей, аны менен кармаша кеткендиги үчүн атып өлтүрүлгөн. Бирок ок атылган учурда Браун эки колун өйдө көтөрүп турган болчу деп билдиришет окуяга күбө болгондор. 

"Мен болгону кызматымды аткардым", — деди полиция кызматкери АБС телеканалына берген маегинде.

Уилсон менен жашыруун жерде жолугушкан журналисттин, эгер Браун ак түстүү болгондо башкача аракет жасайт белең деген суроосуна ал "Жок, ошондой эле кылмакмын" деп жооп берген. 

"Мен болгону жашагым келген", — деди Уилсон

Ал күбөлөр айткандай, Браун колун көтөрүп турганда аткандыгын мойнуна албайт. 

Нью-Йоркто Фергюсон сотунун чечимине каршы толкундоо жүрүп жатат
Элдик сотчулар тобу Уилсонго каршы кылмыш ишин козгоодон баш тартышкан. Бул чечим жарыяланар замат Фергюстондо нааразылык акциялары башталып, алар талап-тоноо, өрт коюу жана ок атуулар менен коштолгон. Буга каршы полиция көздөн жаш агызуучу газ пайдаланып жана акцияга катышуучуларды кармашкан. Наарзылык билдиргендер полиция өз кызматын ак аткарышын жана расасына карабай тең укуктуу мамиле кылышын талап кылышууда. 

Шейшемби күнү кечинде демонстрациялар менен нараазылык аракеттери улантылары күтүлүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0