Польша россиялык журналисттин өлкөдө жашоо укугун талкуулайт

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүАрхив: Варшава
Архив: Варшава - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Польша бийлиги "Россия Cегодня" маалымат агенттигинин кабарчысынын аккредитациясын түшүндүрбөй туруп эле алып коюшту. Кечирээк Польша бийлиги анын өлкөдө жашоого берген уруксатынан да ажыратууга ниеттенип жатканы маалым болду.

БИШКЕК, 26 ноя — Sputnik. "Россия Сегодня" ЭМАсынын Польшадагы штаттан сырткаркы кабарчысы Леонид Свиридовдун Польшада жашоо укугун жоюу бүгүн Варшавада Мазовецк воеводачылыгынын чет элдиктер иштери бөлүмүндө каралат.Угуу Москва убактысы боюнча саат 14:00 дө (Бишкек убактысында саат 16:00) башталат. Бул туурасында РИА Новости билдирди

 Россиянын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Варшаванын бул кадамын "одонолук" деп атап, ага жооп кайтаруу укугун өзүнө калтырды. "Россия Сегодня" ЭМАсы да Польша бийлигинен бул аракеттерин түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Бирок Польша ТИМи буга тиешеси жокутугун, ал өлкөнүн Ички коопсуздук агенттигинин талабы менен демилгеленгенин билдирди. Азыр кабарчынын өлкөдө жашоого укугун кайра алып коюу процедурасы Мазовецк воеводачылыгынын башчысына тапшырылды. 

Ошону менен бирге аталган процедура жабык мүнөзгө ээ, ал эми ишке байланышкан документтер жашыруун болуп эсептелет. Ноябрда кабарчы өз иши менен чет элдиктердин укуктары боюнча бөлүмдө таанышып чыккан. 

"Иште эки документ бар экен. Биринчиси – Ички коопсуздук боюнча агенттиктин сурап кайрылуусу. Анда менин Польшанын аймагында жүрүшүм "улуттук коопсуздукка олутуу коркунуч туудурат" деп жазылган. Экинчи документте болсо чет элдиктердин иштери боюнча бөлүмдүн директорунун колу коюлуптур. Анда иштин бардык документтери жашыруун болуп эсептелери жана мен алар менен тааныша албай тургандыгым тууралуу жазылган. Ошон үчүн мен отурум учурунда эмнени түшүндүрүп беришим керектигин билбейм, себеби мага кандай күнөө коюулуп жаткандыгы жөнүндө эч маалыматым жок", — деди Свиридов. 

Анын сөзүнө караганда, отурумда ал өз өмүр баяны жана жаралган жагдай боюнча жеке пикири жөнүндө жазуу түрүндө билдирүү жасайт. Андан сырткары, ал Польшанын айрым ЖМКда Ички коопсуздук агенттигине таянуу менен берилген кабарларды чечмелеп берет. Атап айтканда аталган ЖМК журналисттин ишинде тыңчылык аракеттери тууралуу "бекем" далил жок деп жазышкан. Маалымат булактары анын иш-аракети "журналисттин расмий иш милдеттеринин чегинен чыккан" имиш деп билдиришкен. Польшанын бир катар ЖМК маалыматтары боюнча, Свиридов "түшүнүксүз" ишкердик байланыш жана лоббинг жүргүзөт" деп шектелген. О.э. ал польшалык журналисттердин Россияга барышын уюштурганы эске салынат. 

Чет элдиктердин иштери боюнча бөлүмдө журналистке көрсөтүлгөн Ички коопсуздук боюнча агенттиктин сурап кайрылуусуна караганда, процедура (бул тууралуу расмий билдирүү болбосо да) Чет элдиктер жөнүндө мыйзамдын 215-беренесинин 1.2-пунктуна таянат. Ага ылайык "эгер чет элдик жаран өлкөнүн коргонуусуна же коопсуздугуна же коомдук тартипти сактоого анык жана олуттуу коркунуч туудурса, анын өлкөдө жашоо укугу жоюлат". Ошол эле мыйзамдын экинчи пунктунда аталган коркунуч ишкердикке байланышкан иш-аракеттерге негизделиши мүмкүн эмес деп жазылган. Ошентип, Ички коопсуздук боюнча агенттиктин сурап кайрылуусундагы негиз менен чет элдиктер жөнүндө мыйзамдын ортосунда карама-каршылык бар деп эсептейт польшалык публицист Агнешка Волк-Ланевска.

 "Эгер иш воеводалыктын Административдик сотунда каралса, Леонид Свиридовдун коргоочусу бул фактыны баса көрсөтө алмак. Себеби андай сотто журналист өзүн Польшадан чыгарып жиберүү тууралуу чечимине доомат коюуга мүмкүнчүлүгү болмок. Бирок бул үчүн ал документтердин мазмунун менен таанышып чыгышы керек. Ансыз чечим боюнча талашып, каршы оюн билдириш кыйын болот ", — деп жазат ал.

Журналисттин Польшада жашоо укугун жоюу тууралуу чечим качан кабыл алынары белгисиз. Иштин натыйжасы оң болбосо, ал чет элдиктердин иштери боюнча жалпы польшалык бөлүмгө даттана алат. Эгер Польшанын бийлиги өз чечимин күчүндө калтырса, Свиридов өлкөдөн 30 күн ичинде чыгып кетиши керек болот. Андан сырткары, кабарчы чечимдин үстүнөн административдик сотко арыздана алат. 

 "Процедура канчага созуларын билбейм. Бул тууралуу шаршемби күнү ишти угуу учурунда сурайын деп жатам", — дейт Свиридов.

Леонид Свиридов журналисттик аккредитацияны Польшанын ТИМде биринчи жолу 1998-жылы алган, 2003-жылдан бери Польшада туруктуу жашап иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0