АКШ Россия менен Абхазиянын ортосундагы келишимди тааныбайт

© Фото / tom.arthurАрхив: Мамдептин имараты
Архив: Мамдептин имараты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия менен Абхазиянын башчылары эки өлкөнүн шериктештиги жана стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу келишимге кол кошту. Документте жалпы коргонуу жана коопсуздук мейкиндигин калыптандыруу, биргелешкен жетекчиликке баш ийе турган биргелешкен аскердик топторун түзүү каралган.

БИШКЕК, 25-ноя — Sputnik. АКШ Россия менен Абхазиянын ортосундагы шериктештик тууралуу келишимди тааныбайт деп билдирди дүйшөмбүдө мамлекеттик департаменттин өкүлү Жефф Ратке. Бул туурасында РИА Новости жазды. 

"АКШ Грузиянын Абхазия аймагы менен Россия Федерациясынын ортосунда эч бир келишимдин мыйзамдуулугун тааныбайт", — деп билдирди Ратке.

"Биз Россияны 2008-жылдагы ок атууларды токтотуу жөнүндө келишимге ылайык, бардык милдеттемелерин аткарууга, аскер күчтөрүн чыр-чатакка чейинки жайгашкан ордуларына чыгарууга, Грузиянын Абхазия жана Түштүк Осетия аймактарын көз карандысыз мамлекеттер деп таануудан баш тартууга жана бул аймактарга гуманитардык жардамдардын эркин киргизилишине жол берүүгө кайра чакырабыз", — деди мамлекеттик департаменттин өкүлү. 

"Биз Грузиянын жер-жерлериндеги калк отурукташкан жайларда дагы эле көйгөй жаратып жаткан коопсуздук жана гуманитардык маселелер боюнча ийгиликке жетишүү каражаты катары Женева эл аралык талкууларын толук колдой тургандыгыбызды дагы бир жолу билдиребиз", — деп тактады мамлекеттик департаменттин өкүлү. 

Россиянын президенти Владимир Путин жана Абхазиянын жетекчиси Рауль Хаджимба дүйшөмбү күнү эки өлкөнүн шериктештиги жана стратегиялык өнөктөштүгү тууралуу келишимге кол коюшту. Документте жалпы коргонуу жана коопсуздук мейкиндигин калыптандыруу, ал максатта башка чаралар менен катар биргелешкен жетекчиликке баш ийе турган аскердик топторун түзүү да каралган. Келишим Абхазияга пенсиялык, медициналык жана социалдык камсыздоо стандарттарын жогорулатууну, саламаттык сактоо, билим, илим кызматкерлеринин эмгек акысын көбөйтүүнү жана бул стандарттарды акырындык менен Россиянын деңгээлине жеткирүүнү кепилдейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0