ШКУ:Сирияда согушуп жүргөн жарандар боюнча маалымат бөлүшөт

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүАрхив: Сириядагы куралдуу жаңжал
Архив: Сириядагы куралдуу жаңжал - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө болгон жана байкоочу статусундагы мамлекеттер аталган аймактан Жакынкы Чыгышта, Сирияда жана Афганистанда согуш аракеттерине катышып жүргөн жарандар тууралуу маалыматтарды өз ара алмашып турушмакчы.

БИШКЕК, 21-ноя — Спутник. ШКУга мүчө жана байкоочу мамлекеттердин атайын кызмат өкүлдөрү аталган аймактын өлкөлөрүнөн кетип, Жакынкы Чыгышта, Сирияда жана Афганистанда согуштук аракеттерге катышып жаткан жарандар тууралуу маалыматтарды эми өз ара алмашып турушат. Бул туурасында ШКУнун Террористтерге каршы аймактык түзүмүнүн (ТКАТ) басма сөз кызматынын өкүлүнө шилтеме кылып, РИА Новости маалымдады

"Бул адамдар туруктуу жашаган жерине кайтып келгенден кийин ШКУ мейкиндигиндеги коопсуздукка жана туруктуулукка чоң коркунуч келтирет", — деп белгиледи агенттиктин маектеши. Анын сөзүнө караганда, учурда аталган маселе боюнча маалыматты өз ара алмашып турууга мүмкүндүк берүүчү ченемдик-укуктук документтер иштелип чыгууда. 

Өспүрүм Сириядагы согушка үндөп жүргөн
Бул тема Ташкентте болуп өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин жана ШКУнун байкоочу мамлекеттеринин ортосунда эл аралык терроризмге жана экстремизмге каршы турууда кызматташтык маселеси боюнча илимий-практикалык конференциянын жүрүшүндө талкууланган. 

ШКУга мүчө мамлекеттер — Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Россия, Тажикстан, Өзбекстан. ШКУнун байкоочулук статусуна Афганистан, Индия, Иран, Монголия, Пакистан ээ болсо, Беларусь, Шри-Ланка жана Түркия диалог боюнча өнөктөштөр. 2004-жылы түзүлгөн ТКАТ Ташкентте жайгашкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0