G20 энергиялык натыйжалуулукту жогорулатуу иштеринин планын макулдашты

© Sputnik / Михаил Метцель/ТАСС/POOL / Медиабанкка өтүүПутин "Чоң жыйырма" саммитинде болуп келди.
Путин Чоң жыйырма саммитинде болуп келди. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Энергиялык натыйжалуулукту жакшыртуу боюнча өз ара маалымат алмашып, аларды шайкеш келтирүү багытында иштиктүү иш алып баруу менен, өлкөлөр ишкердиктин натыйжалуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзө алышат.

БИШКЕК, 18-ноя — Sputnik. "Жыйырманын тобу" Брисбенде саммитте энергиялык натыйжалуулукту камсыз кылуу тармагында ыктыярдуу кызматташтык боюнча иш-аракеттердин планын макулдашты. Анда ири унаа каражаттарынын абага зыяндуу газдарды чыгаруусун, түйүндүк жабдууларды, имараттарды, өнөр жай менен өндүрүштүн энергиялык натыйжалуулугун, о.э. энергиянын натыйжалуулугун каржылоо ишин көзөмөлдөө боюнча жаңы иш-аракеттер камтылган деп  билдирет РИА Новости.

"Чоң жыйырманын" саммити 15-16-ноябрда Австралиянын Брисбен шаарында өттү

"Дүйнөлүк энергия корлорунун 80%дан ашыгын керектөөчү дүйнөлүк эң ири экономика дөө-шаалар катары "Жыйырмалыктын тобуна" катышуучу өлкөлөр энергиялык натыйжалуулук тармагында кызматташтыкты кеңейтүү экономикалык активдүүлүктүн жана өндүрүмдүүлүктүн өсүшүн арттырып, энергиялык коопсуздукту жогорулатып жана айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртууга түрткү бермек деген ойду тең бөлүшөт", — деп белгиленет саммиттин жыйынтыктоочу документтеринде.

Андан тышкары, энергиялык натыйжалуулук компаниялар менен үй чарбаларынын чыгымдарын кыскартууга мүмкүндүк берет. Энергиялык натыйжалуулукту көтөрүү көз караштары жөнүндө өз ара маалымат алмашып жана аларды шайкеш келтирүү багытында иш алып баруу менен, өлкөлөр ишкердиктин натыйжалуулугун көтөрүүгө өбөлгө түзө алышат

Унаа каражаттары

Унаа тармагы — энергиянын эң ири керектөөчүсү жана абага газдарды бөлүп чыгуунун эң ири булагы. Ага дүйнө боюнча керектелүүчү энергиянын 20 пайызы туура келет. Эл аралык энергетикалык агенттиктин (ЭЭА) баалоолору боюнча, эгер энергиянын натыйжалуулугу ж.б. тармактарда саясат күчөтүлбөсө, дүйнө жүзү боюнча унаанын энергияны пайдалануусу 2050-жылда 70%га чейин өсүшү мүмкүн, деп белгиленет саммиттин жыйынтыктоочу документтеринде. 

Ири жүк ташуучу автоунаалар – жүк ташыгычтар, автобустар ж.б. ири автоунаа каражаттары – өзгөчө көңүлгө аларлык багыттардын бири. Ири жүк ташуучу автоунаалар дүйнө жүзүндөгү автоунаалардын 10%ын гана түзөт, бирок күйүүчү майдын жарымына жакынын пайдаланышат жана жалпы унаалар болуп чыккан зыяндуу заттардын жарымынан көбү аларга тиешелүү; ири жүк ташуучу автоунаалардын 75%ы "Жыйырмалыктын тобуна" кирчү өлкөлөргө туура келет.

Өлкөлөр энергиянын натыйжалуулугуна жана унаа каражаттарынын, атап айтканда, ири жүк ташуучу автоунаалардын таштандыларынын мүнөздөмөлөрүн жакшыртууга байланышкан маселелердин үстүндө бирге иштешет.

Алдыңкы ролду АКШ аткара турган "Жыйырмалык тобунун" иши жаңы автоунаа каражаттары үчүн унаанын күйүүчү майлары менен абаны булгап жаткан таштандылардын азыркыдан катуу улуттук стандарттарын, о.э. ага байланышкан күйүүчү майдын сапатынын стандарттары менен экологиялык жүк ташуу программаларын иштеп чыгып киргизүүнү тездетүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү баалап жана алдыга жылдыруудан турат.

Тармактык түйүндөр

Түйүнгө туташылчу жабдуулар дүйнө жүзү боюнча сатылат. Ал жабдуулар пайдаланылбай тургандагы кубаттуулукту керектөөсүнүн өсүшү көйгөйлүү маселеге айланууда. ЭЭА 2020-жылга карата түйүнгө туташылган жабдуулардын саны 50 миллиард даанага жетиши мүмкүн деп эсептейт. Бүгүн эле түйүнгө туташылып, бирок пайдаланылбай турган жабдуулар жылына 600 кВт саат кубаттуулукту коротуп жатат деп бааланууда. Бул Канаданын кубаттуулукту жалпы жылдык керектөөсүнөн жогору. 

Алдын ала божомолдоолор боюнча 2025-жылда күтүү абалындагы жабдуулардын короткон кубаттуулугунун көлөмү эки эсе көбөйөт. Бирок ЭЭА баалоолору боюнча кол жетерлик технологиялардын эң мыктыларын киргизүү бул көрсөткүчтү 65%га төмөндөтмөк. 

Катышуучу өлкөлөр ЭЭА менен биргеликте тийиштүү изилдөөлөрдү кеңейтип жана жабдуулар пайдаланчу кубаттуулукту төмөндөтүүгө, алардын күтүү абалындагы кубаттуулукту коротушун азайтууга мүмүкүндүк берген өндүрүмдөрдү чыгарууга, атап айтканда, технологияга байланышкан стандарттарын иштеп чыгууну тездетүүнүн үстүндө иштешет. Мында Улуу Британия алдынкы ролду ойнойт.

Каржылар 

Жыйынтыктоочу документтерде "Жыйырмалык тобуна" кирүүчү бардык өлкөлөрдө энергиялык натыйжалуулуктун учурдан жогору болушуна көп сандаган артыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн бул тармактагы инвестицияларды көбөйтүү зарыл деп белгиленген. 

Энергиянын натыйжалуулугун жакшыртуу чаралары, анын ичинде кубатты таза жана майнаптуу өндүрүү, имараттарды кайра жабдуу, азыркыдан натыйжалуу курал-жабдыктарды пайдаланууну алдыга жылдыруу, коомдук унааларга инвестицияны өнүктүрүү көп учурда олуттуу чыгымдар менен коштолот жана жеткиликтүү каржылоону талап кылат. 

"Жыйырмага" кирчү өлкөлөр энергиялык натыйжалуулук тармагында долбоорлорду каржылоо боюнча максаттык топ түзүшөт. Ал топ ЭК+У ж.б. буга ылайык келчү эл аралык уюмдардын, анын ичинде Дүйнөлүк банктын колдоосу менен жана тийиштүү демилгелердин алкагында иштейт. Бул ишти Мексика менен Франция жөнгө салып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0