ЖККУнун аскерлери чөлкөмдөгү коопсуздук коркунучтарын талкуулашат

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүЖККУнун аскерлери чөлкөмдөгу коопсуздук коркунучтарын талкуулашат
ЖККУнун аскерлери чөлкөмдөгу коопсуздук коркунучтарын талкуулашат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Отурумга катышуучулар 2014-жылы ыкчам жана аскердик даярдык боюнча биргелешкен негизги иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик окуу жайларында аскер кызматкерлерин даярдоону жакшыртууну да карашат.

БИШКЕК, 14-ноя — Sputnik. Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Аскердик комитети дүйшөмбү күнү, 17-ноябрда, Екатеринбургда чөлкөмдөгү коопсуздукту, биргелешкен аба коргонуу тутумун жана аскер кызматкерлерин даярдоону талкуулайт деп билдирет РИА Новости, РФнын Коргоо министрлигинин басма сөз жана маалымат башкармалыгына таянуу менен. 

"Аскердик комитеттин мүчөлөрү жамааттык коопсуздук чөлкөмүндөгү аскердик коопсуздук абалын, андагы аскердик коопсуздукка карата чакырыктар менен коркунучтарды, ЖККУнун аба жана ракетага каршы коргонуунун Бирдиктүү тутумун түзүү жана Жамааттык күчтөрүн башкарууну уюштуруу маселелерин талкуулашат", — дешти Коргоо минстирлигинен.

ЖККУнун Аскердик комитетинин отуруму 17-ноябрда Екатеринбургда өтөт
Андан сырткары, отурумдун катышуучулары 2014-жылы ыкчам жана аскердик даярдык боюнча биргелешкен негизги иш-чаралардын жыйынтыгын чыгарып, ошондой эле ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскердик окуу жайларында аскер кызматкерлерин даярдоону уюштуруу иштерин жакшыртуу маселелерин да карашат

Мындан сырткары ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аскердик кызматташтыгын талкуулоо пландалып жатат. Отурумга РФтин Коргоо күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы, армиянын генералы Валерий Герасимов төрагалык кылууда.

Комитет ЖККУга мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер Кеңешинин алдында түзүлгөн, анын курамына ЖККУ мамлекеттеринин башкы штаб башчылары кирет.

Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) 1992-жылдын 15-майында КМШ өлкөлөрүнүн ортосунда кол коюлган Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишимдин негизинде түзүлгөн. Өзбекстан өз мүчөлүгүн токтоткондон кийин ЖККУнун катышуучулары — Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия жана Тажикстан.

Жаңылыктар түрмөгү
0