"Россия сегодня" мультимедиалык Sputnik брендинин бет ачарын жасады

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПрезентация крупнейшего международного информационного бренда "Спутник"
Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik редакциясы дүйнөнүн ондогон мамлекетинде өзүнүн сайтын ачып, жергиликтүү жыштыкта өз уктурууларын баштайт. 2015-жылы радио берүүлөр отуз тилде отуз төрт мамлекетте жана 130 ири шаарларда ишке кирет.

МОСКВА, 10-ноя — Спутник Кыргызстан. "Россия сегодня" ЭМА дүйшөмбүдө жаңы мультимедиалык Sputnik брендинин бет ачарын жасады. Sputnik редакциясы дүйнөнүн ондогон мамлекетинде өзүнүн сайтын ачып, жергиликтүү жыштыкта өз уктурууларын бере баштамакчы. Бул туурасында РИА Новости маалымдады.

2015-жылы радио берүүлөрдү 30 тилде 34 мамлекетте жана 130 ири шаарларда уктуруу пландалууда. Жаңы бренддеги ЖМК дүйнөнүн көп кырдуулугун чагылдырат жана ар бир элдин улуттук кызыкчылыктарын, маданиятын, тарыхын, салт-санаасын ачып берүүнү максат кылат. Sputnik контенти бир тараптуу таңууланган пропагандадан тажаган, альтернативдик көз карашка муктаж болгон көп миллиарддаган аудиторияга багытталганын "Россия бүгүн" ЭМАсынын башкы директору Дмитрий Киселев баса белгиледи.

"Өзүнүн эркин Батышка да, Чыгышка таңуулаган өлкөлөр бар. Алар кайсы жакка кийлигишпесин,кан төгүлүп, жарандык согуштардын оту жанып, "түстүү ыңкылаптар" чыгып, ал тургай Ирак, Ливия, Грузия, Украина, Сирия сыяктуу мамлекеттер талкалана баштады… Мунун баары эле сөзсүз америкалыктардын жардамы менен болушу керек эмес. Россия адамзатка пайдалуу болгон моделди сунуштоодо. Биз көп түрдүү, көп түстүү, көп кырдуу дүйнөнү каалайбыз, биздин тилектештерибиз, пикирлештерибиз арбын, андыктан биздин медиатоп Sputnik деп аталган дүйнөлүк брендди ишке киргизди", — деди Киселев.

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүПрезентация крупнейшего международного информационного бренда "Спутник"
Презентация крупнейшего международного информационного бренда Спутник - Sputnik Кыргызстан
Презентация крупнейшего международного информационного бренда "Спутник"

Sputnik дүйнөдөгү — орус, кыргыз, абхаз, азербайжан, англис, араб, армян, грузин, дари, испан, казак, крым татар, кытай, күрд, латыш, молдава, немис, тажик, поляк, португал, пушту, серб, түрк, өзбек, украин, финн, француз, хинди, эстон, япон тилдеринде иштемекчи. Дүйнөнүн баш калааларындагы ар бир мультмедиалык борборлордун штатында 30дан 100гө чейин киши иш алып барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0