Салымбеков ушул жумадан тартып Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтире баштоону убада кылды

© Sputnik / Табылды КадырбековСалымбеков ушул жумадан тартып Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтире баштоону убада кылды
Салымбеков ушул жумадан тартып Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтире баштоону убада кылды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ишкер Аскар Салымбеков архитектура эстелиги — Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтирүү үчүн 5 миллион сом жумшоого даяр.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Белгилүү ишкер жана меценат Аскар Салымбеков Sputnik кабарчысынын суроолоруна жооп берип жатып, Пишпектин биринчи старостасы Илья Терентьевдин үйүн кайра калыбына келтирүүнү ушул жумадан баштоону убада кылды. 

Пишпектин алгачкы шайланган старостасы Илья Терентьевдин үйү XIX кылымдын архитектуралык эстелиги болуп эсептелет. Шаар мэрине тең келе турган кызатты ээлеген бул адамдын жашаган үйү шаардын түндүк бөлүгүндө Кычан Жакыпов атындагы сейил бакта орун алган.

Салымбековдун айтымында, атайын чакырылган кызыл жыгач уста Евгений Алексеев архитектуралык эстеликти кайра калыбына келтирүү иштерин 5 миллион сомго баалап, аны бүтүрүүгө бир жыл убакыт керектигин айткан.

"Үйдө иконалар, фрескалар жок, накта архитектуралык бөлүгүн гана калыбына келтирүү талап кылынат. Бул иш белгиленген мөөнөт, план, долбоор боюнча аткарылышы үчүн Маданият министрлиги, мэрия, алардын өкүлдөрү үзгүлтүксүз көз салышы талап кылынат. Жана эң башкысы, бизге эми тоскоол кылышпаса болду", — деди ишкер.

Ал кайра калыбына келтирүү иштери ушул жумада башаталарын убада кылды. Алгач үйдүн кулап түшкөнү турган жабуусун алууга атайын шаймандар орнотулат. Андан кийин курушучулар үйдүн дубалына жана жер төшөөсүнө кирише баштайт.

Салымбеков, эгер архитектуралык эстеликти сактап калууга өз салымын кошкусу келгендер болсо, ал өтө кубанычта болорун белгиледи. 

Ошондой эле ишкер Кычан Жакыпов атындагы сейил бакты да калыбына келтирүү планында бар экенин айтты. Азыртан эле анын аймагы таштандылар менен анаша өсүмдүгүнөн тазаланган. Сейил бак аймагын көрктөндүрүүгө да убакыт талап кылынат деди меценат.

Жаңылыктар түрмөгү
0