Кырсыкты эскерткен арбак. Видеого түшүп калган адамдын табышмактуу сөлөкөтү

Жазылуу
АКШда "Флоренс" ураганы жүрүп жаткан маалда адамдын сөлөкөтүнө окшош табышмактуу караан видео байкоого түшүп калган.

Уламыштар боюнча бул аймакта (АКШнын Түндүк Каролина жээги) "Бозоргон адам" деген арбак жашайт. Ал табигый кырсык болор алдында адамдарга кулак кагыш иретинде көрүнүп турат. Бул туурасында The Sun басылмасы жазды.

Арбакпы? Филлипинде видеого түшүп калган сөлөкөт жүрөктүн үшүн алууда - Sputnik Кыргызстан
Арбакпы? Филлипинде видеого түшүп калган сөлөкөт жүрөктүн үшүн алууда
Маалыматка ылайык, арбак 1822-жылдан тарта көрүнө баштаган. Жергиликтүүлөрдүн билдиришине караганда, ал сүйүктүүсүнө баратып чөгүп кеткен. Окуя болгондон кийин анын арбагы тирүү кишидей болуп кызга барып тез арада шаардан чыгып кетүү керектигин эскерткен. Кыз анын тилине кирип бир нече күндөн кийин болгон чымын-куюн бороондон үй-бүлөсүн сактап калган.

Бул арбак жаратылыш кырсыгы болор алдында пайда болот деген ишеним бар, аны ким көрсө кырсыктан аман калары айтылат.

Интернет колдонуучулары бул кубулуштун видео байкоого кантип түшүп калганына кызыгышууда. Кадрдан кокусунан эле пирсте адамдын сөлөкөтүнө окшош караан пайда болуп, бир нече секунддан кийин кайра жоголуп кеткенин көрүүгө болот.

Соңку маалыматтар боюнча, аталган аймактагы катуу жааган жаандын кесепетинен суу ташкыны пайда болуп 37 адам набыт болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0