Күйөөсү келинчегинин сүйөр-сүйбөсүн текшерген видео 25 миллион ирет көрүлдү

Жазылуу
Эки жыл мурда YouTube каналына Ош облусундагы активисттер Эрлан Ильязов менен Канат Шарипбеков тарткан ролик жүктөлгөн.

Сюжет боюнча күйөөсү келинчегинин аны сүйөр-сүйбөсүн текшерип көрүүнү чечкен. Аялын сынаш үчүн жигит "Мен кеттим, ажырашам. Сени менен бирге жашай албайм" деп жазып, өзү дивандын алдына жашынып калган.

Бөлмөгө кирген келинчеги телефондон бирөөгө чалып жатканын көрүүгө болот.

"Алло, жаным, кандайсың. Элестет жолдошум өзү эле кетип калыптыр. Ага эмнеге турмушка чыкканымды өзүм да түшүнбөйм. Эми баары артта калды, азыр сен барсың. Бир аздан кийин жаныңа барып калам, ээ?" — деп кийинип алып эшикке чыгып кетет.

Телефон кармап турган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөм эмес, WhatsApp менен жазышкан жигит жакын сезилет. Келиндин жан сыры
Буларды уккан күйөөсү жашынып жаткан жеринен чыгып, жаман абалда калат. Өзү жазган "балээлүү" кагазды бырыштырып, тытып ыргытайын деген учурда аялынын жазып кеткен сүйлөмүн окуп калат.

Анда "бутуң көрүнүп турат, мен дүкөнгө нанга кеттим…" деп жылмайган белги койгон.

Роликтен муну окугандан кийин жылмайып, чексиз бактылуу болуп кубанган жаш жигиттин жүзүн көрүүгө болот.

Эки жылда аталган ролик 25 миллион жолу көрүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0