Кабыландын ыркыраган айбаттуу үнүн уктуңуз беле? Видео

Жазылуу
Видеодон кабыландын ыркырап, анан кулак-мурун кескендей тынчтыкка рахаттанып, эки жакка байкоо салып жаткандыгын көрүүгө болот

Приморье аймагындагы улуттук парктагы камера кабыландын өзгөчө ыркыраганын тартып калган. Бул туурасында РИА Новости жазды.

"Камера улуттук парктын аймагындагы тоонун башына орнотулган. Фотокапканга бул аймактын кожоюну, Тайфун деген ысымы бар кабыландын ыркырап жатканы түшүп калган", — деп жазылган.

Видеодон ал адатта чыгып көнгөн жерине келип, ыркырап, анан кулак-мурун кескендей тынчтыкка рахаттанып, эки жакка байкоо салып жатканын көрүүгө болот.

Адистер Тайфун ыркырап, мындай сүрдүү добуш салышы менен бул аймакта кожоюн ким экендигин көрсөтүп жатат дешти.

"Токойдон кабыландын доошун угуу сейрек көрүнүш, ал эми бул үндү биз алгачкы жолу жаздырып алдык",— деген улуттук парктын инженер-изилдөөчүсү Виктор Сторожук.

Анын айтымына караганда, мындай үндү кабыландар көбөйүү учурунда жасап, ургаачысын же эркегин чакырат. Өзгөчө үн чыгаргандардын катарына эне кабыландар кирет, мунусу менен алар адатта балдарын издеп же чакырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0