Дагестанда айыпталуучу тамак-аш берген терезеден чыгып качып кеткен

Жазылуу
Видеокөзөмөл камерасы камактагы жарандын убактылуу кармоочу жайдан качып чыкканын каттап калган.

Видео Youtube каналына 18-июнь күнү жарыяланган. Пайдалануучу качып чыккан адам уурулукка шектелип кармалган 28 жаштагы Рустам Шахрутдинов экенин белгилейт. Видеодо терезечеден батып чыгуу үчүн Шахрутдинов дырдай жылаңачтанганы көрсөтүлгөн.

Окуя 17синен 18-июнга караган түнү Дагестандын Избербашы шаарындагы тергөө абагында болгон. Учурда качкынды издөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0