Казакстандыктар үч күн ичинде Ысык-Көлдөн үч мезгилди видеого тартышты

Жазылуу
Казакстандан келген видеограф-саякатчылар Кыргызстанга атайын Ысык-Көлдүн кооздугун тартуу үчүн келишкен.

Келген топтун мүчөсү Катерина Кошконун айтымында, үч күн ичинде Ысык-Көлдөн жылдын үч мезгилин тартып алышкан.

"Барскоон капчыгайынан ооздон буу чыкса, аптаптуу жай Ысык-Көлдүн жээгинен тартылды. Ал эми коңур күз Жомок капчыгайынан чагылдырылды", — деп билдирди казакстандык конок.

Ал Кыргызстандын жаратылышынын кооздугу көздүн жоосун алып, бул жакка кайра кайтып келүүнү каалап жатканын билдирди. 

Жаңылыктар түрмөгү
0