Өрттөн улам үй ээси 5-кабаттан алгач балдарын ыргытып, анан өзү секирген

Жазылуу
Россиянын Струнино шаарындагы Квартал көчөсүндө беш кабаттуу үй өрткө кабылган. "La Cucaracha" никтеги Youtube колдонуучусу порталга үй-бүлө мүчөлөрү балкондон секирип аман калышканын тартып алган видеону жүктөдү.

Жерде тургандар шейшеп тосуп турушкан. Ата-эне алгач балдарын ыргытып, анан өздөрү секиришкен. Натыйжада балдардын атасы катуу жаракат алып ооруканага жеткирилди. Калган үй-бүлө мүчөлөрү жабыр тартышкан жок. 

Видеону жүктөгөн пайдалануучу өрт 20 мүнөттө өчүрүлгөнү тууралуу жазды.

Жаңылыктар түрмөгү
0