"Алга, Кыргызстан!" — Душанбеде күйөрман КР командасын сүрөөгө даярданып жатат

Жазылуу
Шейшемби күнү 2018-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын алкагында Душанбеде Тажикстан — Кыргызстан футболчулары беттешет.

Футбол беттешиндеги калыс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан — Кыргызстан беттешүүсүн өзбекстандык калыс тескейт
Кыргызстандык команданы колдоп-сүрөө үчүн Тажикстанга "Тамашоунун" негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев, КРнын Аялдар футбол лигасынын президенти Бермет Төлөгөнова, ырчы Өмүрбек Жанышев (Омар) жана жол тосуп жеткени менен белгилүү болгон күйөрман Эсеннур Алмазбеков барган.

Бермет Төлөгөнова кыргызстандык футболчулардын машыгуусу учурунда аларды сүрөп жаткан Алмазбековду видеого тартып алган. 

Күйөрман өз ураандарын ойлоп таап, Кыргызстандан алып барган файерди күйгүзгөн.

Бул Кыргызстан командасынын аталган квалификациялык этаптагы акыркы оюну болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0