Маңзатка каршы күрөшүүчүлөр машинага катылган 3,7 миллион сомдук нашааны чыгарышты

Жазылуу
Маңзатка каршы күрөшүү мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Афганистанда өстүрүлгөн маңзатты алуу боюнча атайын операцияны ийгиликтүү уюштурду. Аталган баңгизат эгер кармалбаганда Россияга жибериле турганын Маңзатка каршы күрөшүү кызматы билдирди.

18-мартта ыкчам топтун кызматкерлери Баткен облусунун Кулунду айылында 60 жаштагы КР жараны айдап бараткан Mercedes Benz үлгүсүндөгү автомашинаны токтоткон. Анын ичинде 42 жаштагы Тажикстандын жараны да болгон.

Ысык-Ата менен Токтогулда 5,5 кг. нашаа алып жүргөн 4 жаран колго түштү
Кыргызстандык жаранды тинтүү учурунда жанынан 11 грамм апийим табылган. Ал эми машинага атайын катылган жерден Россияга жөнөтүү үчүн даярдалган 8 килограмм 573 грамм нашаа табылган. Маңзатка каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, аталган маңзаттын болжолдуу баасы Россияда 3 миллион 672 миң сомго барабар. Ал эми Кыргызстандын көмүскө базарында ал 650 миң сомду түзмөк.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тийиштүү иликтөө иштери жүрүүдө. Андан сырткары бул кылмыш ишине тийиштиги бар делген башка жарандар дагы изделүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0