Кыргызстандык кичинекей кикбоксчулар интернетти жарды

Жазылуу
Кичинекей кыргызстандыктардын машыгып жатканы түшүрүлгөн видео социалдык тармактарда желдей тарап, "kg" аймагынан тыш чоң популярдуулукка жетишти.

Казак интернет айдыңын жарган кичинекей кыргыз кикбоксчулар
Интернеттеги видеодо эки кичинекей бала менен бир өспүрүмдүн машыгып жатканы түшүрүлгөн.

Кичирээги соккуларга чеберчилик менен туруштук берип, экинчиси бут жана кол менен чабуул жасап жатат. 

Арткы фондо окуяга көз салып отурган балдардын атасы түшүрүлгөн. Ал уулдарын колдоп-коштоп турат. Соцтармактарда анын кикбокс залынын ээси Бакытбек Атаканов экени айтылууда.

Айрым маалыматтар боюнча видеонун катышуучулары Арлет, Эльбурс менен Азирет Атакановдун балдары экени тууралуу сөз болуп жатат. Үчөө тең кикбокс менен машыгып, Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Азиянын чемпиондору болуп саналышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0