Кыргызстандын тоолорунда томпоңдогон үч мамалагын ээрчиткен эне аюу

Жазылуу
Сары-Чат—Ээр-Таш коругундагы тоолордон тартылган сүрөттөрдөн жасалган видеодо байкалгандай, үч мамалак менен анын энесин көрүүгө болот. Жаныбарларды коюлган "фото капкан" кызыктырганы акыркы кадрларда даана байкалат.

Кыргызстандын тоолорун бир катар жаныбарлар байырлайт. Алардын арасына сүлөөсүн, күрөң аюу жана жоголуп кетүү коркунучунда турган илбирстер дагы кирет.

"Камераларынын бирөөнө үч мамалагын ээрчиткен күрөң аюу түшүп калыптыр", — деп айтылат Snow Leopard Trust сайтында. 

"Фотокапкандар" изилдөөчүлөр тарабынан Кыргызстандык түрдүү аймактарына коюлган. Алардын максаты — илбирстин сүрөттөрүн тартып калуу

Жаңылыктар түрмөгү
0