Кыргызстан жөнүндө Малайзиянын жараны көп сериялуу тасма тартты

Жазылуу
Малайзиянын тургуну Захарис Хузайма Кыргызстанга төрт жылдан бери келип, өзүнүн саякаты тууралуу даректүү фильм тартты. Ал жылдын төрт мезгилиндеги көргөн, эсте калган нерселерин кинодо кеңири баяндайт.

Анын айтымында, 11 сериядан тургун тасмада кыргыздардын маданияты, салт-санаасы чагылдырылат.

"Кышында тоодо лыжа тебүү, жайында ат үстүндө жүрүү, кыргыздын улуттук көк бөрү оюну жана бүркүтчү жөнүндөгү видеолор монтаждалып даяр болду. Ал октябрдан тарта Малайзиянын улуттук каналында көрсөтүлөт", — дейт Хузайма.

Ал ошондой эле, видеолоруна европалык телепродюсерлер да кызыгып жатканын айтып, алар да Кыргызстандын сулуулугу жөнүндөгү видеону өз каналдарынан көрсөтүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0