Япон ырчысы кыргызча ырына аниме стилинде клип тартты

Жазылуу
Клипти Япониянын атайын мектебинин окуучулары тартса, ырдын сөзүн акын Лариса Асанбекова жазган.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Япониянын белгилүү ырчысы Мита Ре "Кыргыз кызы сүйгөнүм" аттуу кыргызча ырына аниме стилинде клип тартты. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасында маалымдады.

Мита Ре бир канча жылдан бери Кыргызстанга болгон сүйүүсү тууралуу ырларды аткарып келет. Буга чейин ал "Эркиндикти сүйгөн саякатчы" (Свободолюбивый странник) деген ырды аткарган. Ал Кыргызстан менен Япониянын ортосундагы достукту даңазалайт.

"Бул жылы "Эркиндикти сүйгөн саякатчы" (Свободолюбивый странник) ырын кыргызча ырдап, аниме стилинде клип тарттык", — деп жазды ырчы.

Клипти Япониянын атайын мектебинин окуучулары тартса, ырдын сөзүн акын Лариса Асанбекова жазган.

Ырчы кыргызча ырын эгемендүүлүк күнүн белгилөө учурунда Ала-Тоо аянтында ырдайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0