Өзгөн күрүчүн кантип басуу керек. Таңдайдан даамы кетпеген аштын видеосу

Жазылуу
Өзгөн күрүчүн тамшанып жегендер арбын болгону менен баары эле басканды биле бербейт. Миңдеген кишиге аш даярдаган Анвар Бабаджанов кызыл күрүчтү басуунун сырын ачты.
Бул палоону басуу үчүн эт, өзгөн күрүчү, сары сабиз, үч-төрт баш пияз, суу, өсүмдүк майы, туз жана зире керектелет.
Башкы ашпозчу Анвар Бабаджанов өзгөн күрүчүнөн ашты өз ыкмасы менен басат.
"Мен куйрук май менен басам. Аны казанда сызгырып алгандан кийин сүзүп алып салам. Буга өсүмдүк майын да кошом. Анан сары сабизди гана колдоном, себеби ширин даам берет. Эң башкысы — тамактын бышканын сезүү керек. Сабиз качан бышарын, күрүч кантип демделип жатканын, эт качан даамына келгенин сезүү керек. Бул өтө маанилүү", — деди башкы ашпозчу.
Ал өзгөн палоосу абдан тоюмдуу келерин жана минерал менен витаминдерге бай экенин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0