Алакан жайып кала беришти. Киттин аянычтуу абалга кептелген видеосу

Жазылуу
Адамдардын жоопкерчиликсиздигинен жабыркап, жок болуу алдында турган ири китти дал эле ошол адамзат, адистер сактап албай алакан жайган абалда турушат.
Окуянын сүрөтү менен видеосу Американын Жоржия штатынан тартып алынган.
Океания жана атмосфераны изилдөө боюнча улуттук башкармалыктын биологдору АКШнын Жоржия штатындагы жаратылышты коргоо боюнча иштеген кесиптештери менен адамзаттын жаратылышты бүлүндүрүп жаткан дагы бир фактысын коомчулукка жарыя кылды.
Видеодон сейрек кездешкен түндүк жылмакай китти көрүүгө болот. Суу жаныбарынын адамдын жоопкерчиликсиздигинен улам балык уулаган торго чаташып, оозу-мурдунан жип чыккан боюнча океанда жылдап жүрүп төлдөп, баласын ээрчиткен тейде азыр да жашоо үчүн күрөшүп, сүзүп жүргөнүн жазды.
Кумга батып калган киттерди эл баарылап куткарып калды. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Кумга батып калган киттерди эл баарылап куткарып калды. Видео
Бул ургаачы жаш китти окумуштуулар март айында байкашкан. Аны Массачусетстин жээктериндеги Кейп-Код булуңуна жакын аймактан көрүшкөн. Анда оозунан бир топ жип өз-өзүнчө чубалып чыгып жүргөн. Жипти атайын адистер кыскартып кесишкен, бирок бул маселени чечкен эмес. Сааттуу жиптен куткарыш үчүн китке операция жасап, ичинен алып чыгуу зарыл экендиги белгилүү болгон. Бирок биологдор бул мүмкүн эместигин, демек, тилекке каршы, китти куткара албастыгын айтышууда.
Адатта кит баласын бир жылга чейин көтөрүп жүрүп анан жарыкка алып келет. Биринчи байкалган күндөн тарта эле анын бооз экени белгилүү болгон. Азыр туулган бала кит жаралуу энесинин жанынан кетпей сүзүп жүрөт. Окумуштуулар ал баласын тамактандырыш үчүн денесин чырмап, анысы аз келгенсип оозунан чубалган жипти сүйрөп алып жүргөнүнө тынчсызданышууда. Андан аркы жашап кетишине катуу тоскоол болгон, адамдар сууга таштаган бул тор киттин кошумча күчүн алып, алдан тайдырууда. Ал эми кичинекей китке энесинин камкордугу, тамак-аш таап бериши керек. Адистер бул эне киттин абалы барган сайын кыйындап бара жатканын айтышууда. Ээн-эркин сүзө албайт, оозунан чубурган жиптен улам тапкан тамагын кенен жей албайт.
"Эгерде энеси олдоксон кыймыл жасаса лескалар жанындагы баласына сыйыртмак болуп, ороп калышы мүмкүн. Ал эми мындай нерсе кичинекей жаныбар үчүн кооптуу", — деген биологдор.
Адистер китке жакындап келип, жардам бере албастыгына ынанышкан. Жип анын оозун өйкөй бергендиктен жара болуп, ал кабылдап, инфекция басып кеткен абдан аянычтуу көрүнүшкө туш болгон.
Балык уулаган торлорго оролуп отуруп жок болушу — дүйнө жүзүндөгү киттерди кыргынга учураткан көрүнүштөрдүн бири. 2021-жылдагы маалыматтарда, киттердин 85 пайызы өмүрүндө жок дегенде бир ирет жипке оролуп калганы жазылган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0