"Матрица 4" киносунун экинчи трейлери чыкты. Видео

Жазылуу
Warner Brothers Russia YouTube каналына "Матрица 4: Воскрешение" деп аталган кинонун трейлери жарыяланды. Анда башкы ролду Киану Ривз ойнойт.
Трейлерде Нео Тринити (Кэрри-Эн Мосс) менен Неонун виртаулдуу жана реалдуу жашоо жөнүндө диалогу көрсөтүлгөн. Нео "бул жерде" болуп кеткендигин, ал эми Тринити ага дежавю сезими калгандыгын, бирок бир туруп кайра башкача көрүнөрүн айтып жатат.
Трейлерде башкы каармандардын өзгөчө окуялуу учурлары камтылган.
Жөргөмүш киши фильминин трейлери чыкты. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
"Жөргөмүш киши" фильминин трейлери чыкты. Видео
Андагы айтылган анонско караганда, Киану Ривздин каарманы матрицада жашайт, көк таблеткаларды ичет. Мурдагы сюжетте ал иллюзияда да болуп жана виртуалдуу дүйнөнүн бардыгына ишенгени баяндалган.
Тасманын премьерасы Россияда 16-декабрга пландалган. Белгилүү кинотеатрлар тармагы мурдараак кинонун калың элге качан көрсөтүлөрүн билдирген эле.
Жаңылыктар түрмөгү
0