Бишкекте Иван Панфиловдун жаңыланган эстелигинин ачылыш аземи өттү. Видео

Жазылуу
Бишкекте генерал-майор, Советтер Союзунун баатыры Иван Панфиловдун колодон жасалган эстелигинин ачылышы болуп, ага Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрү катышты. Эстелик Екатеринбургда жасалып, Бишкекке берилген.
Иш-чаранын ачылыш аземи Панфилов дивизиясынын 80 жылдыгына карата өттү. Белгилей кетсек, Улуу Ата Мекендик согуш учурунда Москванын жанында генерал Иван Панфиловдун башчылыгы астында советтик аскерлер фашисттик баскынчылар менен кан кечип салгылашкан. 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын аскерлери фашисттик армиянын Москвага болгон чабуулун токтотуп калган.
Бетон эстеликтин ордуна коло айкел Россиянын Свердлов облусунда жасалып, кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилген. Айкелдин узундугу тогуз метрди түзөт. Ал Иван Дубровин жетектеген өнөрканада айкелдин түп нускасынын негизинде куюлган. Иш-чарада Дубровин командасына мыкты эмгек үчүн ыраазычылык билдирди.
"Мунун баарын уюштурууга эки жыл кетти. Аны жасоого убакыт тартыш болуп калды. Биздин командада иштегендердин баары чыныгы баатырлар. Кыргызстандын эл сүрөтчүсү Садабек Ажиевдин фамилиясын дагы бир жолу айтып коёюн. Ага кол чаап коюңуздар. Анын аркасы менен кыска убакытта жумуш сапаттуу жасалды. Биздин балдар дагы күн-түн дебей иштеп, ага коло жалатышты. Бул эстелик эми өмүр бою турат. Бетон акырындык менен жоголсо, коло түбөлүккө турат", — деди ал.
Россиянын Свердлов облусунун эл аралык жана тышкы экономикалык байланыш министри Василий Козлов эстелик бишкектиктерге белек болгонун айтса, калаа мэри Айбек Жунушалиев ага ыраазычылыгын билдирип, айкелди муниципалитет тейлерин белгиледи.
"Шаардыктардын жана өзүмдүн атымдан Россия тарапка шаарга берген белеги үчүн ыраазылык билдирем. Скульпторлорго мыкты жумушу үчүн өзүнчө алкыш. Эстеликти мэрия карап, тейлеп турарын да белгилеп кетейин. Берилген белекти сактап, анын көпкө турушу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшайбыз. Улуу күч жана эрдиктин элеси жүрөгүбүздө жашай берсин", — деди мэр.
Митинг-реквиемдин катышуучулары эстеликке гүл коюп, Панфилов дивизиясынын баатырларын аза күтүү мүнөтү менен эскерген.
Бирназар бийдин эстелиги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.10.2021
Садыр Жапаров Жети-Өгүзгө барып Бирназар бийдин эстелигин ачты
Панфиловдун биринчи эстелиги 1942-жылы ноябрь айында архитектор Василий Верюжский, скульпторлор Ольга Мануйлова, Александр Мануйлов, Исидор Фрих-Хар жана Марк Эпштейндин эмгеги менен тургузулган. Айкел жез күкүмдөрү аралашкан бетондон куюлуп, коло түстө сырдалган. Ал кошумча кызгылт гранит менен жасалгаланган. Эски айкел калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду.
Маалымат үчүн: 1941-жылдын 16-ноябрында Дубосеково жолундагы салгылашта Москваны фашисттик баскынчылардан коргоо учурунда 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын 28 жоокери немецтердин жыйырмага жакын танкасын жок кылып чабуулду токтотушкан.
Кийин немецтик генералдар Панфиловдун легендарлуу дивизиясынын каармандыгына баа берип, панфиловчуларды коркуу сезими жок, туткунга түшкөндөн көрө өлүп калалы деген "жапайы аскер" катары сүрөттөшкөн.
Панфиловчулардын катарында Чүй облусунан чакырылган Дүйшөнкул Шопоков дагы эрдик көрсөтүп курман болгон.
Панфилов дивизиясы 1941-жылдын июнь-август айларында түзүлгѳн. Дивизиянын негизги түптѳлүшүн Кыргызстан менен Казакстандын тургундары түзгѳн. Дивизиянын командири генерал-майор Панфилов Кыргыз ССРинин аскер комиссары болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0