UFC турнири: Физиевдин өзгөчө ыкмасы жана башка мушкерлердин видеосу

Жазылуу
Жозе Алдо Роб Фонтаны жеңди, Рафаэль Физиев Брэд Ридделлди кулата койду, Жалгас Жумагулов UFC алкагындагы беттеште биринчи ирет жеңилүү ызасын тартты. Бүгүнкү турнирдеги эсте каларлык видеолорду тартуулайбыз.
Декабрдын төртүнөн бешине караган түнү UFC Вегас 44 турнири болду. Башкы таймашта мурдагы UFC чемпиону, жарым жеңил салмактагы Жозе Алдо рейтингде төртүнчү сапта турган Роб Фонтту жеңип алды. Мушкерлер жеңил салмактагы категорияда беттешкен. Алдо калыстардын чечиминин негизинде артыкчылыкка ээ болду.
Анын алдында рейтингдин 14-номериндеги, жеңил салмактагы Физиев атаандашы Брэд Ридделлди жыга тээп, өзгөчө мушташ көрсөтүп жеңген. Калыс таймашты токтоткон. Алар Физиевди чебер ыкмаларын көрсөттү деп белгилешкен.
Булардан сырткары казакстандык Жалгас Жумагулов чыгып, атаандашы Манель Кейпке биринчи раундда утулуп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0