Жүрөк түшүрүп... Кишиге куюп койгондой окшош робот жасалды. Видео

Жазылуу
Британиянын Engineered Arts компаниясы кишиге абдан окшош болгон Ameca роботун жасады. Бирок мындай саамалык жөнөкөй элдин эле эмес белгилүү инженерлердин да үрөйүн учурууда.
Иштеп чыккандардын айтканы боюнча робот датчиктер системасы менен жабдылган. Ал программаланган кыймыл-аракеттерди жасоого мүмкүндүк берет. Мындан улам Ameca кадимки кишиникиндей мимикасын көрсөтүп, көрүүчүлөр менен активдүү "баарлашып", кыймылы да адамдыкынан анча айырмаланбайт.
Роботту көргөн соң соцтармакта эки ача пикир пайда болду. Кээси суктанып жатса, айрымдар коркуп кеткен.
"Кадимки кишидей эле көрүнөт экен. Мен көргөн роботтордун ичинен түспөлү, кыймылы адамдыкына өтө окшошу ушул болду. Колдору да кадимкидей кыймылдайт экен. Роботтун жансыздыгы боюнча стереотип жоголду", — деп жазган бири.
"Денем дүркүрөп кетти. Бул машиналар коопсузбу? Система жарактан чыкса эмне болот? Аралыктан туруп өчүрүү мүмкүнбү? Менимче, роботторду мынчалык кишиге окшоштурбаш керек", — деген дагы бири.
Каршылыгын "Терминатор" мультфильминин сценаристи Мэттсон Томлин да билдирди.
"Терминатордун" сценаристи жана андроиддердин көтөрүлүшү тууралуу тасманын режиссёру катары "ЖОК" деп айтам", — деген ал.
​Айрым колдонуучулар Ameca жасалма интеллектиге ээ эместигин, өз алдынча кыймылын көзөмөлдөй албаганын айтып, башкаларды тынчтандырууга аракет кылышкан.
Жаңылыктар түрмөгү
0