Акыры өлтүрүп тынды. Сууда алышкан ак аюу менен бугунун видеосу

Жазылуу
Интернет айдыңында мелмилдеген сууда ак аюу мүйүздөрү аркайган бугунун артынан сая түшүп, кууп бара жаткан видео тарады.
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, кишинин тынчын алып, кыпылдаткан бул окуя былтыр Норвегиянын Шпицберген архипелагында августтун аягында болгон.
Кыжыры келип... Зоопарктагы аюу өзүн тартып жүргөн дронду кармап алган видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Кыжыры келип... Зоопарктагы аюу өзүн тартып жүргөн дронду кармап алган видео
Кадрдан жаш ургаачы аюу шыргалаң сууда бугунун артынан сая түшүп алып сүзүп бара жаткандыгын көрүүгө болот. Ал бир нече мүнөткө созулуп, акырында жырткычтын мүйүздөрүн арткайтып, жаныбарды жээкке сүйрөп чыккан.
"Баары ушунчалык таңгалычтуу болгондуктан, документалдуу фильм көргөндөй абалда калдык. Мындан кийин буга окшогон окуяга эч качан туш келбейбиз дагы", — деген Гданьск университетинин биологу Изабела Кулашевич.
Ак аюу сууда эң сонун сүзөт, ал эми кургакта качкан бугуга жетпей калышы турган иш. Андан сырткары, Арктиканын башка бөлүктөрүндө түндүк бугуларга анча кооптуулук жаралбайт. Ал эми Шпицбергенде бул жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салынгандыктан, National Geographic саксактап, натыйжада алар аярлыгын бир топ жоготуп койгонун жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0