Суукка кайыккан, жылаңайлак калган, кар алдында кир жууган мигранттар. Видео

Жазылуу
Беларусь — Польша чек арасында суукка кайыккан мигранттарга жардам кылууга ыктыярчы болгондор кышкы бут кийим алып келип берип, алардын жуунуп алуусуна шарт түзүп беришти.
"Беларусь — Польша чек арасында турган мигранттардын бул күнү жуунуп-тазалануудан башталды. Алгач медиктер качкындарды карап чыкты, андан соң суук кадыресе түшүп, кар жаап жатса да аялдар, кыздар эшиктен кирлерин жууп алды", — деп маалымдаган Sputnik Беларусь.
Кадрдан карда, суукта мигранттардын айрымдары курткачан турганы менен бутуна ар тарабы ачык жайкы тапичке кийип, кылчылдап үшүп жатканын көрүүгө болот.
Белоруссиянын чек арасындагы мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.11.2021
Беларустун чек арасында мигранттарга тамак таратууда башаламандык жаралды
Бирок бул күн алар үчүн майрам болду. Аларга волонтерлор 900 жуп кышкы бут кийим алып келип, 200үн эркектерге, 700үн аялдарга таратып беришкен.
Тикенектүү зымды бойлой каңгып басып жүргөн мигранттарды көбүнүн жылуу аба ырайына ылайыкталган бут кийимдеринин таманы эбак түшүп, капталынан дал-дал болуп айрылганын көрүүгө болот.
Беларусь башчысы Александр Лукашенко логистика борборуна баргандан кийин качкындардын ыктыярчыларга кайрылып, зарыл болгон нерселерин айтып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Муктаждыктарын тизмеге жаздыруу үчүн мигранттар сааттап кезекке турду.
Мигранттардын жок дегенде буту үшүбөй турушун камсыздаган учур тартып алынган видеону назарыңыздарга сунуштайбыз.
Жаңылыктар түрмөгү
0