Бишкекте легендарлуу генерал Панфиловдун эстелиги алмаштырылды. Видео

Жазылуу
Өнөркананын жетекчиси айкел эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, эстелик кылымдар бою тураарын Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Бишкекте Советтер Союзунун Баатыры, генерал-майор Иван Панфиловдун эстелигинин так көчүрмөсү орнотулууда. Бетон эстеликтин ордуна колодон жасалган айкел коюлат. Ал Россия Федерациясынын Свердлов облусунда жасалып, кыргыз-орус маданий-гуманитардык кызматташтыгынын алкагында Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.
Мэриядан билдиргендей, айкелдин узундугу тогуз метрди түзөт. Ал Иван Дубровин жетектеген өнөрканада айкелдин түп нускасынын негизинде куюлган. Цехтин башчысы Sputnik Кыргызстан агенттигине монумент эң жогорку сапаттагы материалдан жасалганын, ал эң аз дегенде миң жылга туруштук берерин айткан.
Панфиловдун биринчи эстелиги 1942-жылы архитектор В.Верюжский, скульпторлор О.Мануйлова, А.Мануйлов, Г.Фрих-Хар, М.Эпштейндин эмгеги менен тургузулган. Айкел жез күкүмдөрү аралашкан бетондон куюлуп, коло түстө сырдалган. Ал кошумча кызгылт гранит менен жасалгаланган.
Пандемия учурунда курман болгон медиктерге арналган эстеликтин ачылышы - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.10.2021
Пандемияда көз жумган медицина кызматкерлерине арналган эстелик ачылды
Монументтин үч кырдуу тирөөч ташы Улуу Ата Мекендик согуштун эпизоддорун, 28 панфиловчунун эрдигин чагылдырган оймо сүрөттөр менен кооздолгон. Объект республикалык маанидеги искусство эстелиги катары бекитилген.
Эски эстелик калыбына келтирилип, Балыкчы шаарында Панфилов дивизиясы турган жерге орнотулду.
Бишкек мэриясы билдиргендей, жаңы айкелдин салтанаттуу ачылышын декабрь айынын башында Кыргызстан менен Россиянын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөрүү пландалып жатат.
Иш-чара Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы Москванын жанында советтик аскерлердин фашисттик баскынчылар менен генерал Иван Панфиловдун башчылыгы астында кан кечип салгылашкан 316-аткычтар (8-гвардиялык) дивизиясынын аскерлери көрсөткөн эрдиктин 80 жылдыгына карата өткөрүлөт. Бул тарыхта чечүүчү согуш болгону айтылып келет.
Жаңылыктар түрмөгү
0