Бул жолку депутаттар кантип шайланат? Кызыгы көп эрежелер тууралуу видео баян

Жазылуу
28-ноябрда Кыргызстанда дагы бир шайлоо өтөт. Бул ирет биз Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлайбыз. Болгондо дагы жаңы эреже менен тандалат. Дароо айтып коюш керек, мында бир эле добуш берүү менен чектелбейбиз. Баары татаал, ошол эле учурда кызыктуу.
Sputnik Кыргызстан агенттиги аралаш система аркылуу өтө турган парламенттик шайлоонун эрежеси менен тааныштырат.
Жаңы чакырылышта 120 эмес, андан азыраак, 90 депутатка кресло даярдалат. Мурда парламентке 21 жаштагылар шайланып келе алса, эми ал босого 25 жашка көтөрүлдү. Мындан ары эл өкүлү болом дегендердин жогорку билими болушу зарыл. Таң калбаңыз, буга чейин диплом талап кылынчу эмес.
54 депутат башка система, калган 36сы башка система менен шайланат. Шайлоонун кызыгы да ушунда болуп жатат. Биз тигинисине да, мунусуна да добуш бере алабыз. Демек, добуш берүү күнү эки бюллетень алып, үч тандоо жасайбыз.

54 депутат кантип шайланат?

Бул преференциалдык система деп аталат. Партия мурдагыдай эле талапкерлердин тизмесин түзөт, бирок алардын санын 54төн ашырбашы керек. Бул учурда аялдардын, жаштардын, ар улуттун өкүлдөрүнүн жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын квотасын да сакташы шарт.
Дагы бир өзгөчөлүгү — дүңүнөн добуш берүү токтотулду. Эми сиз партиянын өзүнө эле эмес, ичиндеги конкреттүү бир талапкерге да добуш бере аласыз. Анда бюллетень эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгүндө партияларды аты жана "баарына каршы" графасы, анын жанына бош чарчы коюлат.
Бюллетендин экинчи бөлүгүндө номер коюлган 54 чарчыны көрө аласыз. Чарчынын номерин партиянын тизмесиндеги талапкердин номери деп түшүнүңүз. Башкача айтканда, купулуңузга толгон талапкерге добуш берүү үчүн анын катар номерин билүү маанилүү. Эгер номерин билбей же унутуп калсаңыз, шайлоо участкасына бардык керектүү маалыматтарды илип коёт. Ошол жерден караңыз.
В каких партиях есть кандидаты, желающие снова стать депутатами? - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.11.2021
ЖКга кайра депутат болгусу келгендер кайсы партияда көп?
Көңүлүңүзгө бир нече талапкер жагып турса, айла жок, бирөөнү гана тандаш керек. Кыскача айтканда, бир партия — бир талапкер.
Дагы бир маанилүү жагдайды эске алыңыз. Эгер жактырган талапкериңизди шайлап, бирок партияга добуш бербесеңиз бюллетениңиз жараксыз деп табылат.
Тескерисинче, эгер партияга добуш берип, талапкерлерди көз жаздымда калтырсаңыз эч нерсе эмес. Анда партияны босого чекке жеткирүүгө жардам берди деп саналып калат.
Ал эми кокусунан толкунданып же адашып бюллетенди булгап алсаңыз, сарсанаа болбоңуз. Участкалык шайлоо комиссиясынын мүчөсүнө кайрылып жаңы бюллетень алууга укугуңуз бар. Албетте, жарактан чыккан бюллетенди кайтарып бересиз.

Жеңүүчү кантип аныкталат?

Добуш берүүнү талдап бүттүк. Эми мындай татаал система менен жеңүүчү кантип аныкталарына баам салалы.
Парламенттик шайлоону өттү деп таануу үчүн босого чек коюлган эмес. Жадагалса, шайлоочулардын 10-15 пайызы гана добуш берип калса да таасир этпейт.
Өлкө боюнча шайлоого катышкан жарандардын беш пайыздан, жети облустан жана Бишкек, Ош шаарларынан 0,5 пайыздан кем эмес добушун алган партияга парламенттин эшиги ачылат.
Канчалык көп добуш алса, ошончо мандатка ээ болот. Бирок бир эле партияга 27ден көп мандат берилбейт.
Мисалы, бир партия 10 мандатка жетсе, көбүрөөк добуш алган үч аял сөзсүз түрдө депутат болушу керек. Аялдар бир да добуш албай калган чакта дагы баары бир партиядагы катар номерине карап алдыңкы үчөөнө мандат берилет.
Сахнадагы микрофон. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.11.2021
Айпери Кубик кызы, Бек Борбиев. Шайлоого бараткан ырчы-чоорчу, актёрлор
36 депутат кантип шайланат?
Бул — мажоритардык система деп аталат. Кыргызстан 36 шайлоо округуна бөлүнүп, бирден депутат шайлап жөнөтөт.
Ар бир округда ашык-кеми менен 100 миң шайлоочу болот. Аймактык өзгөчөлүгүнө жараша биринде 80, экинчисинде 120 миң болуп калышы мүмкүн.
Мунун шарты жөпжөнөкөй, эң көп добуш алганы парламенттен орун алат. Эгер эки талапкер тең бирдей добуш алып калса, шайлоо комиссиясына катталуу үчүн биринчи болуп документ тапшырганы жеңүүчү аталат.
Бир мандаттуу округга талапкерлерди партиялар жана өзүн-өзү көрсөтө алат. Партия бир округга бир эле талапкер сунуштай аларын белгилей кетүү керек.
Бул система менен добуш берүү жеңил эле. Бюллетенде талапкерлердин тизмеси жана "баарына каршы" графасы гана болот.
Кызыгы, бир мандаттуу округдан шайланган депутат кокусунан мандатынан ажырап калса, ал округда кайрадан шайлоо өтөт. Бирок мөөнөтү бүтөрүнө бир жылга чейинки убакыт калса, жаңы депутатты шайлоо талап кылынбайт.
Шайлоонун шарапаты ушундай...
Жаңылыктар түрмөгү
0