Үкү-робот карышкырлардын аң уулоого чыкканын көрсөттү. Видео

Жазылуу
John Downer Productions студиясы жапайы жаныбар жана кушка окшогон роботторду жасашат. Алар кадимки жаныбарлардын тобуна аралашып, билинбей видеого тартат.
Бул ирет карышкыр-робот бөрүлөрдүн кантип аң уулоого чыкканын көрсөтүшү керек эле. Бирок олжо таап, ордунан атырылган жырткычтардын жоон тобуна жетпей калган.
Мындан улам карышкырлардын аңчылыкка чыкканын үкү-робот тарткан. Жырткычтар букалардын үйүрүнө кол салууга аракет кылган. Бирок мүйүздүү жаныбарлардын ага жол бербей топтошуп туруп алганын видеодон көрүүгө болот.
Карып калган бука менен карышкырлардын тиреши бир саатка созулуп, акыры ал жырткычтарга жем болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0