Тап берип, кубалап: баласын арстандан коргогон жираф. Аянычтуу видео

Жазылуу
Кениядагы жаратылыш паркында туристтердин көз алдында өмүр менен өлүм кармашкан окуя болуп, көптөрдүн көңүлүн оорутту.
"National Geographic Россия" сайты окуя Масаи-Мара паркында болгонун жазды. Үйүрү менен жүргөн жирафтардын арасындагы эң кенжесине ошол тегеректеги арстандын көзү түшүп, алардын артынан бир топко чейин ээрчип алган. Олжону туйган гиеналар да алыстан багып, ошол тегеректен кеткен эмес.
Жаңы туулган бала-жирафты тажрыйбалуу энеси бардык жагынан коргоп, жырткычка жем болуудан алынын келишинче коргогон. Карылуу арстан алардын артынан калбай, алты чакырымдай "коштоп" жүргөн. Оңтоюн келтире олжосуна кол салууга камынган арстанды эне-жираф буттары менен жерди тепкилеп, жакындатпай, каары келип алыстата кууп турган.
Леопард похитил львенка — видео не для слабонервных - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.11.2021
Кабылан арстандын күчүгүн жеп кетти. Аянычтуу видео
Бир учурда кичинекей жаныбар жардын кырынан кулап, ойдуңга түшкөн. Андай оңтойлуу учурду күтүп турган жырткыч секирип түшүп, аны тамактап, суу тарапка ары сүйрөп кеткен. Муну көргөн эне-жираф эч нерсеге карабай айбат кылып, чапчып, айтор, баласын ажыратып калган.
Окуянын кандай болуп жатканын туристтер, гиддер көз албай карап, байкоо салып, акмалап жүрүшкөн. Кыймылдабай соолуп жатып калган бала-жаныбарды баары өлдү деп түңүлүп калган. Бирок бир нече убакыттан кийин туруп, темтеңдеп баса баштаган. Бутуна бекем тура албаган кичинекей жираф сууга киргенден кийин тең салмагын сактай албай... мойну кайрылган тейде чөгүп кеткен.
Эне-жираф баласын арстандын азуусунан сактап калганы менен башка жоодон – суудан коргоп, алып чыга албай калганы туристтерди да өкүткө салганын басылма жазды.
Жаңылыктар түрмөгү
0