Кемелер парады, абадан май куйган истребитель. Россия-Кытай кайгуулунун видеосу

Жазылуу
Россия менен Кытай Тынч океандын түндүк-батыш тарабында абадагы аскердик кайгуул иштерин жүргүзүп, мындан аркы кызматташуу боюнча маселелерди талкуулады.
Кадрдан Тынч океанда, чалкыган мухитте каз катар тизилип бара жаткан аскердик кемелерди, учуп бара жаткан истребителге абада жүрүп май куйган ири учакты, асманда кайкып, оңбогондой тездик менен көздөн кайым болгон аскер учактарын көрүүгө болот.
Канттагы Россиянын авиабазасынын терроризмге каршы бөлүгү окуу-машыгуунун жүрүшүндө көзөмөлдөп өткөрүү пунктунан каршылаштын чабуулун артка кайтарды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Канттагы авиабазага диверсиялык топ "кол салды". Машыгуунун сүрөттөрү
RT Россиянын коргонуу министри Сергей Шойгу Кытайдын аскердик ведомствосунун башчысы менен жумушчу жолугушуусун өткөргөнүн кабарлады. Анда эки тарап баллистикалык ракеталар атылганда жана космостук ташып жүрүүчү ракеталар коё берилгенде бири-бирине маалымдоону милдеттендирген келишимди узарта турганы айтылды.
Шойгу Россия-Кытай мамилелери өз ара ишеним жараткан деңгээлге жеткендигин жана бул алакалар "геосаясий турбуленттуулуктун шартында" өзгөчө мааниге ээ экендигин белгилеген.
Жаңылыктар түрмөгү
0