Группалашынын кеңеши, белектер. Шевченконун күйөрмандары менен жолуккан видеосу

Жазылуу
UFC чемпиону Валентина Шевченко бүгүн Бишкектеги күйөрмандарына жолугуп, кызыктырган суроолорго жооп берип, ой-пикири менен бөлүштү.
Кыргызстандык мушкер алгач ЖМК өкүлдөрү менен маалымат жыйын курду. Ал Кыргызстанга келиши парламенттик шайлоого байланыштуу эмес экенин белгиледи. Буга аны коштоп жүргөндөрдүн арасында Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири болгондуктан суроо жаралган. Шевченко спорт саясаттан тышкары болушу керек деп эсептейт.
"Биздин өлкө аябай уникалдуу, ак көңүл эли, жакшы адамдары, ажайып жаратылышы бар. Ашканасы тууралуу айтпай эле коёюн, тамактарын аябай жакшы көрөм. Бишкек кеңейип калгандай сезилди. Көп жаңы имараттар, жаңы турак жайлар курулуптур. Бирок мага эң жага турган жери эски шаар, борбор ошол бойдон экен. Бул мурас мурда кандай болсо, ошол бойдон калышы керек деп ойлойм. Ошол эле учурда шаар тоого жакын таза аймактарга карай өсүшү идеалдуу көрүнүш", — деген мушкер кыз.
Мындан сырткары, Шевченко келечекте Кыргызстанда мушташ өнөрү боюнча академия ачуу ниети бар экенин билдирди.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров UFC боюнча дүйнө чемпиону Валентина Шевченко менен жолугушуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Жапаров Шевченкого сертификат тапшырып, спортчу ага мээлейин белек кылды. Видео
Маалымат жыйындан кийин ал жүздөгөн фанаттары менен жүз көрүштү. Алгач ага күйөрмандарынын бири чапан кийгизип, жоолук салды
Кыргызстандык мушкер буга чейин бразилиялык Аманда Нунис менен эки ирет беттешке чыгып, экөөндө тең упай айырмачылыгы менен жеңилип калган. Күйөрмандар алгач эле "аны менен кайра беттешесизби?" деп сурады.
"Аманда (Нунис) менен беттеш болушу керек деп ойлойм. Бирок ал менден качып жаткандай таасир калтырууда", — деп жооп берди Шевченко.
Ошондой эле ал эң чоң мотивацияны кыргызстандыктардан аларын белгилеп, өз элин кубантуу үчүн ар дайым жеңишке умтуларын айтып өттү.
UFC мушкери Рафаэль Физиев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.11.2021
Эмоцияга алдырды. Валентина Шевченко Рафаэль Физиев тууралуу оюн айтты
"Менден көбү "Валентина, сага эмне мотивация берет? Эмнеге сен ушунча жылдан бери биринчи күнкүдөй машыгууну улантып келесиң?" деп сурашат. Мотивация — силерсиңер, силер берген энергия мен үчүн чоң мотивация. Себеби ушундай жолугушуулардан кийин ар бир беттешти жеңгим келет. Кыргызстанга, жалпы элибизге көбүрөөк кубаныч тартууласам дейм. Бул мен үчүн өтө маанилүү", — деди Шевченко.
Мушкер бул ирет Кыргызстанда көбүрөөк убакыт жүрө турганын айтты. Ош, Жалал-Абад облустарына дагы барышы мүмкүн.
Жаңылыктар түрмөгү
0