Кыргызстандык эки ырчы тең "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык Александр Волкодав менен Адилет Жумабеков Россияда өтүп жаткан "Голос" шоусунун кийинки этабына өттү. Ырчылардын видеосу долбоордун YouTube каналына жарыяланды.
Бул этапта Адилет Жумабеков Екатеринбургдан барган Флора Бичахчян менен дуэт ырдаган. Алардын насаатчысы Дима Билан аткаруунун соңунда экөөнүн бирин гана тандашы керек болчу. Чыгарма бүткөн соң Билан долбоордо Адилет Жумабековду калтырган.
Александр Волкодав болсо Василий Боджгуа менен The Sound Of Silence аттуу чыгарманы аткарган. Насаатчысы Пелагея экөө тең мыкты экенин, алар менен дагы иштешүү керектигин белгилеп, соңунда Волкодавды тандаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0