Кыргызстандык Аскат Осмонов Азиянын келишимдүү жигити сынагына катышууда. Видео

Жазылуу
Кыргызстандык модель жана блогер Аскат Осмонов өлкө атынан Face of Asia эл аралык сулуулук сынагына катышып жатат.
Моделдин өзүн-өзү тааныштыруу иретинде даярдаган проморолиги конкурстун YouTube-каналына жарыяланды.
Ал эми расмий сайтында жазылган маалыматка ылайык, сынак быйыл эпидемиологиялык чектөөлөргө байланыштуу онлайн өтөт. Ага 27 өлкөдөн 80дей жигит жана бийкеч катышууда.
Ар бир категориядагы атаандаштар актёрдук чеберчилигин көрсөтүп, улуттук маданиятын даңазалаган креативдүү кийимдерди кийип чыгышты.
Победитель конкурса Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan - 2018, модель Аскат Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.06.2018
Кыргызстандык модель Осмонов: азыр сени Instagram жок эч ким тоготпойт
Аскат Осмонов конкурска экинчи ирет катышып жатат. Ал 2018-жылы февралда Mister Universal Ambassador Kyrgyzstan улуттук сынагын жеңип, эл аралык конкурстарга жолдомо алган. Жыйынтыгында ал алдыңкы ондукка кирген.
Face of Asia — 10 жылдан ашык убакыттан бери Түштүк Кореяда өтүп келген Asia Model Festival эл аралык конкурсунун алдындагы сынак. 2017-жылы кыргызстандык модель жана актриса Мээрим Атантаева анда Борбор Азиянын мыкты модели деп табылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0